Жаңыланган маалыматта өлкөдөн чыгарылган акчанын суммасы 80 млн. долларга өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековДоллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Эски маалымат боюнча, былтыр 11 айда өлкөдөн 420 миллион доллардан ашуун каражат которулган. Бирок жакында Улуттук банк эсепке алуу тартибин өзгөртүп, акча которуунун дагы эки түрүн кошту.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Узаган жылдын 11 айында Кыргызстандан сыртка 504,2 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банктын жаңыланган маалыматында айтылат.
Буга чейин башкы банк ушул эле мезгилде жеке жактар акча которуу системасы аркылуу чет өлкөлөргө 424 миллион доллар жөнөткөнүн билдирген. Бирок жакында эле мекеме банктык мобилдик тиркемелер (банк картасы) жана электрондук капчыктар аркылуу которуулар өскөнүн кабарлаган. Эми которуулардын ушул эле түрү да статистикага киргизилип, салтка айланган акча которуулар системасы менен бирге эсептелет.
Белгилей кетсек, жаңыланган маалыматта былтыр Кыргызстанга келген каражат да көбөйдү. Анын суммасы 1,8 миллиард доллардан 2,,4 миллиардга чейин жетет.
Акча санап жаткан банктын кассири. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Кыргызстанда насыянын көлөмү 257 млрд. сомдон ашты. Жаңы рекорд
Жаңылыктар түрмөгү
0