Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышары белгилүү болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Узак мөөнөттүү, өлкө үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Бул анын саясаттагы ырааттуу кадамы болот", — деген маалымат катчы.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын январь айында өлкө башчысы кызматына киришкен. Кыргызстанда президент беш жылга шайланып, эки мөөнөттөн ашык иштей албайт. Бирок Жапаров эски Конституция менен шайлангандыктан биринчи мөөнөтүндө алты жыл отурат.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Абдан кайдыгербиз! Жапаров шайлоого катышпагандарды сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0