Кыргызстанда эркектер бир ай бою ден соолугун бекер текшерте алат

© Sputnik / Виталий АньковФлюорография аппаратынан өтүп жаткан киши. Архив
Флюорография аппаратынан өтүп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
Бул убакыт аралыгында эркектер жашаган жериндеги медициналык мекемелерге көрүнө алышат.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 18 жаштан жогорку курактагы эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча "Жооптуу бол!" аттуу бир айлык акция башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Мындай саамалык эркектер арасында жугуштуу эмес ооруларды (жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети) алдын алуу, дартты убагында аныктап, дарылоого багытталган.
"Акциянын алкагында эркектерге февраль айынын ичинде жергиликтүү медициналык-санитардык жардам уюмдарына барып медициналык кеңеш алуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2022-жылы өлүм учурларынын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларына (52,1 пайыз) туура келген. Экинчи орунда рак (12,2 пайыз) турса, өпкө оорулары (5,5 пайыз) үчүнчү орунду ээлеген.
"Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп, ал эми жашылча-жемишти жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, спирт ичимдиктерди ашыкча ичүү жана кыймылдын аздыгы жугуштуу эмес ооруларды шарттайт", — деп жазылат кабарда.
Былтыркы акциянын алкагында өлкө боюнча медициналык жардам уюмдарына 367 000ден ашык эркек кайрылганы кошумчаланды.
Стресс болуп аткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Психолог: эркектер аялдарга салыштырмалуу стресске катуу кабылышат
Жаңылыктар түрмөгү
0