Кыргызстандын эки жүк ташуучу унаасы Казакстанда кырсыктаганы айтылды

© Sputnik / Руслан КривобокЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, бир адам каза болуп, дагы бирөө оор абалда ооруканага жаткырылган.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эки жүк ташуучу унаасы Казакстанда кырсыктаганы айтылып, анын чоо-жайы такталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, каргаша 1-февраль күнү Караганда — Балхаш трассасында болгон.
Казакстандын компетенттүү органдарынын нөөмөт кызматкерлеринин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктан бир адам каза болуп, дагы бирөө оор абалда ооруканага жаткырылган.
Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо менен мекендештерге зарыл болгон жардамды көрсөтөрүн кошумчалады.
Жол кырсыктын айынан айнеги сынган автоунаа. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Айланма жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Жабыркагандар да бар
Жаңылыктар түрмөгү
0