WhatsApp тиркемесиндеги видеобайланыш шылуундарга маалымат топтоого жол ачат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУюлдук телефондун экранындагы WhatsApp тиркемеси. Архив
Уюлдук телефондун экранындагы WhatsApp тиркемеси. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн жылы WhatsApp тиркемесине киргизилген видеочалуу учурунда смартфондун экранын көрсөтүү функциясы шылуундарга жарандардын жеке маалыматтарын топтоого жол ачат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Gem Space супераппынын түзүүчүлөр командасынын башчысы Ваге Закарян түшүндүрүп берген.
Анын айтымында, видеобайланыш учурунда чоочун адамды экранды көрүүгө кошуу – бул адамды үйгө конокко чакыргандай эле. Себеби смартфондо бардык маалыматтар бар да.
"Шылуунга экранды көрүү жеткиликтүү болгон учурда ал колдонуучу тууралуу көп маалыматтарды ала алат. Мисалы, ал кандай банк тиркемелерин колдонот, кайсы дүкөндөрдөн товарларга буюртма берет, кайсы социалдык тармактарга катталган деген сыяктуу маалыматтарды топтойт", — деген Закарян.
Адис шылуун керектүү маалыматтардын баарын билгенден кийин социалдык инженерия (колдонуучуга түрдүү манипуляцияларды жасоо) ыкмасын колдонорун же анын аккаунттарын бузуп кириши мүмкүндүгүн эскерткен.
Аял колунда смартфон менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
ИИМ: соцтармактардагы жарнамалардын баарына ишене бербегиле
Жаңылыктар түрмөгү
0