Кыргызстанга зер буюмдарды ташып келүү бир нече эсеге азайды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЗер боюмдар сатылуучу дүкөн. Архив
Зер боюмдар сатылуучу дүкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Жазылуу
Баалуу металлдардан жасалган буюмдар 15 өлкөдөн алып келинген.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстанга баалуу металлдардан жасалган 3,3 тонна зер буюм ташып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Аталган көлөмдөгү буюмдун баары 8,5 миллион долларга бааланган.
Импорттолгон өлкөлөр:
Россия — 2 тонна;
Түркия — 0,8 тонна;
Италия — 0,3 тонна;
Кытай — 0,2 тонна.
Мындан сырткары, азыраак көлөмдө 11 өлкөдөн жана Гонконгдон (Кытайдын атайын административдик району, статистикада өзүнчө көрсөтүлөт) алып келишкен. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 24,5 тонна зер буюм (5,2 миллион долларга) импорттолгон.
Доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жаңыланган маалыматта өлкөдөн чыгарылган акчанын суммасы 80 млн. долларга өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0