Кыргызстанда быйыл миңдеген киши жумуш менен камсыз болору айтылды

© Фото / Unsplash / Mina RadЖумушка кабыл алуу. Архив
Жумушка кабыл алуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Жазылуу
Жумуштардын ичинде "жеке ассистент" кызматы дагы бар.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Быйыл Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу 38 миңден ашык жумуш оруну түзүлөт. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Мекеме өкмөт башчы Акылбек Жапаров министрликтерде жана ведомстволордо 250 миңден ашуун жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча тапшырма койгонун эске салды.
"Социалдык контракт" программасын ишке ашыруунун алкагында 38 миңден ашык жумуш орундарын түзүүнү, акы төлөнүүчү коомдук иштерди жана "жеке ассистент" кызматын көрсөтүүнү караган план министр тарабынан иштелип чыккан.
Ошондой эле министрлик иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларын активдештирүү боюнча аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн окууларды уюштурары кошумчаланды.
Тигүү цехинде иштеп жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Өкмөт: Кыргызстанда жумушчу күч жетишсиз, кесиптик курстарды ачуу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0