5-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги туман. Архивдик сүрөт
Бишкектеги туман. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Синоптиктер түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымалдыгын айтышты. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө -2...+3, ал эми Нарында -6...-11 градус болот.
Термометр Бишкекте +2...+4, Ош калаасында +4...+6 градусту көрсөтөт.
Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Күн жылыйбы? Кийинки жумада өлкөдө аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0