Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Куткаруучулар Бишкек ТЭЦиндеги урандылардын алдынан итти тирүү алып чыгышты

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек ТЭЦиндеги жарылуунун кесепетин жоюу иштери
Бишкек ТЭЦиндеги жарылуунун кесепетин жоюу иштери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Жаныбарга асма ийне менен дары куюп, куйкаланып калган жерлерине май сүйкөп карап жаткандыктарын айтышты.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Куткаруучулар Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийинки урандылардын алдынан итти тирүү алып чыгышкан. Бул туурасында "Добрые руки" фондунан билдиришти.
Жаныбар урандылардын алдында авария болгондон бери жаткан. Тумшугу, көзүнүн териси, кулактары жана буттары күйүп калган.

"ӨКМдин кызматкерлерине абдан чоң ыраазылык билдиребиз. Итти тапкандан кийин ойлонуп отурбай, дароо ветклиникага жеткиришиптир. Аны таштап, урандыларды тазалоо үчүн кайра жөнөп кетишишкен. Адамдык боорукерлик үчүн чоң рахматыбызды айтабыз", — деп жазышкан фонддон.

Учурда асма ийне менен дары куюп, куйкаланып калган жерлерине май сүйкөп дарылап жаткандыктарын айтышкан.
"Буюрса итти дарылап, айыктырып алабыз деп турабыз", — дешкен алар.
Бишкек ТЭЦиндеги жарылуу менен тик учактын кулашынан жаракат алган кыргызстандыктар Түркиянын Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Кечээ Түркияга жеткирилген 4 кыргызстандык Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды
Жаңылыктар түрмөгү
0