Ырлары элдин жүрөгүнө жеткен обончу Мамарасул Мавлянов менен маек

© SputnikБелгилүү обончу Мамарасул Мавлянов
Белгилүү обончу Мамарасул Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Ар бир обончунун багын ачкан, элге тааныткан ыры болот. Обончу Мамарасул Мавляновдун чыгармалары жакшылыктарда ырдалып, "Жолуккан кандай жакшы" аттуу чыгармасын башка улуттар да аткарып жүрүшөт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде белгилүү обончу Мамарасул Мавлянов болду. Биз обончунун угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларынын жаралуу тарыхы, келечек пландары тууралуу сүйлөштүк.
—Чыгармачылыкка кандайча аралашып калдыңыз?
— Өзүм Лейлектин Тогуз-Булак айылында туулгам. Убагында көп себептерден улам музыкалык билим ала албай калдым. Учурунда искусство багытында окубай калгандыктан азыр Искусство институтунда билим алуудамын. Мен 4-классымда Сардарбек Жумалиевдин "Сары-Челек" ыры менен облустук кароого барып, байге алып келгем. Агайларым менен 10-классты бүткүчө кароо-сынактардан калбадым. Обончулук талантым 7-классымда ачылган. Райондук гезитке Разия Алимова аттуу бизден эки жаш улуу кыздын ырлары чыгып турчу. Анын бир ырына обон жаратып, колхоздун ишине барганда аккордеон менен ырдап бердим. Ошол кездеги мектеп директоруна ырым абдан жагып калган экен. Башка мектептен келген мугалимдердин алдында кайра-кайра ырдатты. Ошондон кийин өзүмө ишеним пайда болду...
© Фото / предоставлено Мамарасулом МавляновымБелгилүү обончу Мамарасул Мавлянов: убагында көп себептерден улам музыкалык билим ала албай калдым. Учурунда искусство багытында окубай калгандыктан азыр Искусство институтунда билим алуудамын.
Композитор, музыкант Мамарасул Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Белгилүү обончу Мамарасул Мавлянов: убагында көп себептерден улам музыкалык билим ала албай калдым. Учурунда искусство багытында окубай калгандыктан азыр Искусство институтунда билим алуудамын.
— Сиздин ырларыңызды көптөгөн жеңелер, апалар жазып алып жаттап, жакшылыктарда ырдап жүрүшөт. Эмне үчүн аккордеонду тандадыңыз?
— Кичинемден эле ушул музыкалык аспаптын үнүнө тартыла берчүмүн. Мен 6-класста окуп жүргөндө агам шаардан аккордеон алып барды. Андан "Гүлнара" деген ырды үйрөнгөм. Ошол ырды ойной берип өздөштүрүп алдым. Мектептен Өмүрзак Рахматжанов деген агайым да үйрөттү. Негизи талантым бар экен.
Атам да музыкага шыктуу болгон. Эсимде, радиодо музыка болуп калса кошулуп ырдап калчу. Бирок партиялык кызматкер болгондуктан көп ырдачу эмес. Апам көп дастандарды билчү. Бир тууган таякем ырдачу. Ошол кишилерден оосо керек.
— "Жолуккан кандай жакшы" аттуу ырыңыз эл арасына кеңири тарап кеткен. Жаралуу тарыхын айтып бересизби?
— Социалдык тармакта Гүлбүбү Байгубаева аттуу акын эже жарыялаганда байланышып, текстин өзгөртүп берүүсүн суранып обон жаратууну сунуштадым. Эже дароо эле оңдоп берди. Ырдын тексти абдан маанилүү жана жеңил. Анан ага төп келген жакшы обон жаралып калды. Ырдап жүрсөм бир ирет Гүлназ Чыныбек кызы байланышып "агай, ырыңыз үйдөгүлөргө абдан жагат. Москвага кетип жаттым эле, мен ырдайын, мага бериңизчи" деп сурап калды. Ырларын угуп көрсөм үнү деле жакшы экен. Мен да "макул" дедим. Аранжировкасын Ильяз Абдразаков жасаган. Азыр Кыргызстандан кеткен немистер, кытайлык кыргыздар, казак ырчылары аткарышууда. Казак эстрада ырчысы Ернар Айдар өзүмдөн сурады. Калгандары кабарлашкан жок.
© SputnikБелгилүү обончу Мамарасул Мавлянов: атам да музыкага шыктуу болгон. Эсимде, радиодо музыка болуп калса кошулуп ырдап калчу.
Композитор, музыкант Мамарасул Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Белгилүү обончу Мамарасул Мавлянов: атам да музыкага шыктуу болгон. Эсимде, радиодо музыка болуп калса кошулуп ырдап калчу.
— Канча жылдан бери обончулук менен келе жатсаңыз да мамлекет тарабынан берилген наамыңыз жок. Өзүңүз аракет кылдыңызбы?
— Мен ортодо башка тармакка иштеп кетип калгам. Чыгармачылыкка 2009-жылы кайрадан кайтып келдим. Бирок андан бери деле 15 жыл болуп калды. Ушуга чейин Ардак грамота деле алган эмесмин. Бирөөнүн эшигин кагып барган да жокмун. Райондук маданият үйүндө иштесе гана наамга жибере алышат экен. Ушундай бюрократия. Ага чейин Жогорку Кеңештин, Рыспай Абдыкадыров атындагы коомдун, башка райондордун Ардак грамотасын алганмын. Бирок өзүм деле сыйлыкка көп кызыга бербейм. Ошентсе да убагында эл алдында берилген сыйлык адамга шык берет.
— Автордук укук тууралуу эмне айтасыз? Ушул жаатта да нааразычылыктар болуп калат...
— Бир-эки жолу Кыргызпатенттен чакырып тыйын беришти. Бирок Казакстандын ырчылары аткарып жүргөн ыр үчүн төлөнөбү, жол-жобосун билген жокмун. Аткаруучулар ырдын авторун айтып анан ырдашы керек да. Азыркы ырчылар клиптерди тартышат, бирок өздөрүнүн аттарын бажырайтып, автордун аттарын микроскоп менен көрүнгүдөй жазып коюшат. Аткаруучулар өздөрү деле уялса. Маданият министри да буга көңүл буруп койсо болмок. Мурда телевидениеде же концертте ырдын авторлору жана аткаруучунун аты-жөнү айтылып, анан ырдалчу. Азыр керек болсо авторлорду жазбай коёт. Көпчүлүгүнүн аты чыкпайт.
© Фото / предоставлено Мамарасулом МавляновымАкыркы учурда сүйүү эмес, насаат ырларга көп көңүл буруп жатабыз.
Композитор, музыкант Мамарасул Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Акыркы учурда сүйүү эмес, насаат ырларга көп көңүл буруп жатабыз.
— Ырдын тексттерин кантип тандайсыз?
— Авторлорго өзүмдүн оюмду, идеямды айтам. Акындардан Гүлбүбү Байгубаева менен көбүрөөк иштешем. "Ата-эне ыйык" деген ырын жактырып, обон чыгарып, анан кеңешип отуруп атын койдук. Азыр ыр элдин кароосуна коюлду. Акыркы учурда сүйүү эмес, насаат ырларга көп көңүл буруп жатабыз.
Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Президент колундагы алтын саатын чечип берген. Марат Алышпаевди уулу эскерди
Жаңылыктар түрмөгү
0