Ошто мектеп мугалими баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео

© Sputnik / Павел ЛисицынКишенчен аял. Архив
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ошто Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы 31 жаштагы мугалимди гашиш сатты деген шек менен кармаганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери аял узак убакыттан бери баңгизат жайылтып жүргөнүн аныкташкан.

"Р.Ш. аттуу шектүү Баткен облусундагы мектептердин биринде иштейт. Ал Афганстандан алып келинген бир килограммдан ашуун гашишти сатууга аракет кылган жеринен колго түшүрүлдү. Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — дешти ИИМден.

Аптекада иштеген фармацевт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жогорку Кеңеш жаштарды "дарыкана баңгилигинен" коргоочу токтом кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0