Чүйдө жаңы төрөгөн келин көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОорукананын коридорунда медик. Архив
Оорукананын коридорунда медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүндө жаңы төрөгөн келин көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүүдө.
"36 жаштагы келин Токтогулдан келген. Төрөт үйүнө айынан өтүп кайрылган. Баланын абалы туруктуу, энесин сактай алган жокпуз", — деди Асылбашева.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте эки келин төрөттөн кийин каза болгон.
Ооруканада жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Бишкекте эгиз уул төрөгөн 22 жаштагы келин көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0