Жалал-Абаддын кооптуу аймактарында жашаган миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт

© Sputnik / Михаил ДудинЖалал-Абад шаары. Архив
Жалал-Абад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Жер көчкү жүрүү кооптуулугу жогору жерлерде жашаган тургундарга эскертүү берилүүдө.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддын кооптуу аймактарында жашаган 1 074 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абад шаарынын жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү берилүүдө.
"Башкармалыктын район-шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу зарылдыгын эскертишүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Аталган аймакта жашаган 1 074 үй-бүлөнүн басымдуу бөлүгү Сузак районунда.
Алматыда жер көчүп, үйлөрдү басып калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Алматыда жер көчүп, үйлөрдү басып калды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0