Түркияда алтын кенде жер көчүп, шахта урады. Жумушчулар изделүүдө

© AP Photo / Rahmat GulЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Түркиянын Эрзинжан провинциясында алтын казган шахта урап, жумушчулар уранды алдында калды. Бул туурасында РИА Новости провинциянын губернатору Хамза Айдогдуга таянуу менен жазды.
Анын айтымында, Илич районунда ири көлөмдө жер көчүп, шахтаны уратып кеткен.
Өлкөнүн ички иштер министринин айтымында, 9 жумушчу дайынсыз болууда. Издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Алтын кенди иштеткен Anagold компаниясы кырсык катталганын тастыктады. Жумушчуларды издөөгө ишкананын ыкчам кызматынын адистери да тартылганы белгиленди. Компаниянын сайтында аталган шахта 2010-жылдын декабрынан бери иштеп жатканы жазылган.
Алматыда жер көчүп, үйлөрдү басып калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Алматыда жер көчүп, үйлөрдү басып калды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0