ИИМ ири өлчөмдө баңгизат менен кармалган милиционердин видеосун жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдун үстундө турган милиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана акча. Архив
Столдун үстундө турган милиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана акча. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Буга чейин ишенимдүү булактар милиционердин жанынан 100 куту гашиш табылганын айтса, ИИМ маалыматында баңгизаттын өлчөмүн көрсөткөн эмес.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жанынан баңгизат табылган милиционер менен кошо үч адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"11-февралда колго түшүрүлгөндөрдүн биринин жанынан милициянын сержанты наамындагы күбөлүк алынган. Кармалгандардын экөө Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилген", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин ишенимдүү булактар милиционердин жанынан 100 куту гашиш табылганын айтса, ИИМ маалыматында баңгизаттын өлчөмүн көрсөткөн эмес. Алар жарыялаган видеодон 48 кутучаны көрүүгө болот.
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Ошто мектеп мугалими баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0