Акылбек Жапаров азык-түлүктүн баасын кармап туруу планын бекитти

© Sputnik / Александр Сухов / Медиабанкка өтүүСупермаркеттеги сатып алуучу. Архив
Супермаркеттеги сатып алуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
Максаты – азык-түлүк товарларынын баасынын өсүүсүн ооздуктоо, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети бул жылга карата социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитти. Маалыматты өкмөттөн билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Тескеменин максаты – министрлер кабинетинин социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо, баанын өсүшүн токтотуп туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү. Ошондой эле бул жылда социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик өндүрүшүн колдоо болуп саналат", — дешти өкмөттөн.
Анда кошумчалангандай, министрлер кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга кошумча нарк салыгын жоюу, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Радио
Орозбаев: ун менен нандын баасы жыл соңуна чейин туруктуу кармалат
Жаңылыктар түрмөгү
0