Кыргызстанда "Славян базары" сынагына жаш ырчыларды тандоо туру өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМикрофон. Архивдик сүрөт
Микрофон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
Сынакка 8ден 14 жашка чейинки жаш аткаруучулар катыша алышат.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. "Славян базары" искусство фестивалынын алкагында XXII "Витебск" эл аралык балдар музыкалык сынагы өтөт. Бул туурасында Россиянын Бишкектеги маданият жана илим борбору ("Русский дом") билдирди.
Улуттук тандоо туру эстрадалык ыр жанрындагы таланттуу жаш ырчыларды аныктайт. Жеңүүчүсү ушул жылдын июль айында Витебскидеги "Славян базары" фестивалында Кыргызстандын атынан катышууга жолдомо алат.
Тандоо туруна 8ден 14 жашка чейинки жаш аткаруучулар катыша алат. Алар эки ыр аткарышы шарт:
кыргыз тилиндеги эстрадалык ыр;
катышуучунун тандоосу боюнча аткаруучулук чеберчиликти жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган эстрадалык чыгарма (дүйнөлүк хит).
Катышуу үчүн 5-мартка чейин алдын ала онлайн-тандоодон өтүп, жандуу аткаруудагы сынактык ырлардын видеосун жөнөтүшү керек. Видеолор үчүн 0705 445 522 WhatsApp жана Telegram мессенжерлери иштеп жатат.
Андан өткөндөр 10-мартка чейин Улуттук тандоо туруна билдирмесин тапшырып, уюштуруу акысын төлөшү керек. Алар Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик залында 17-мартта саат 12:00дө боло турган сынакка катышат.
Арыздар электрондук почтага (art_bulak@mail.ru) жөнөтүлөт, байланыш телефондору: 0705 445 522, 0556 545 577.
Көйнөкчөн адам камераны кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Тасма тартчуларга мүмкүнчүлүк. Өлкөдө эл аралык "Үмүт" кинофоруму өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0