Россияда көп балалуу болууга көз караш жакшы жакка өзгөрүүдө

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарыгер текшерип жатат. Архив
Төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарыгер текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россияда көп балалуу болууга калыптанган көз караш жакшы жакка өзгөрө баштады. Бул тууралуу коомдук пикирди изилдеген Жалпы россиялык борбордун башкы директорунун кеңешчиси Елена Михайлова "Жаңы мезгил үчүн күчтүү идеялар" аттуу форумда билдирди.
Иш-чара Москва шаарында өтүп жатат.
Анын айтымында, көп балалуу үй-бүлөлөр боюнча жагымдуу динамика түзүлдү. Мындан 10-15 жыл мурда эле көп балалуу үй-бүлөлөрдүн сынга кабылышы талкууланып келген.
"Январда изилдөө жүргүзгөнбүз. Россиялыктардын 50 пайызы үчтөн көп баласы бар үй-бүлөлөрдү идеалдуу деп аташты. Ал эми эки пайызы үйдө бир эле бала болушу керек деп эсептейт. Башкача айтканда, акырындык менен көп балалуу болууга көз караш өзгөрүүдө", — деди Михайлова.
Форум 19-20-февралга белгиленген.
Памперс кийип жаткан баланын иллюстративдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Уролог: балдар түнкүсүн заара ушатып койсо энурез менен жабыркаган болот
Жаңылыктар түрмөгү
0