Владимир Путин ракета ташыган жаңы муундагы Ту-160M учагына түшүп көрдү — видео

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРоссиянын Президенти В.Путин С.П.Горбунов атындагы Казань авиациялык заводунда Ту-160М учагын көрүп келди
Россиянын Президенти В.Путин С.П.Горбунов атындагы Казань авиациялык заводунда Ту-160М учагын көрүп келди  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Президент үчүн учуу алдындагы даярдык 45 мүнөткө, учуунун өзү 30 мүнөткө созулган.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Владимир Путин ракета ташыган жаңы муундагы учакка түшүп көргөнүн РИА Новости жазды.
Россиянын президенти стратегиялык Ту-160M учагы конгондон кийин анын күчүнө жана ыңгайлуулугуна баа берген.

"Техника мыкты экен, жаңы муундуку экени сезилип турат! Куралдуу күчтөрдүн курамына кабыл алууга болот", — деди Путин.

Аба техникасы Горбунов атындагы Казань авиациялык заводунун тилкесине конгон. Президент үчүн учуу алдындагы даярдык 45 мүнөткө, учуунун өзү 30 мүнөткө созулган.
Ту-160M — алыскы аскердик аймактарда маанилүү буталарды талкалоого арналып, мурдагы үлгүсүнө салыштырмалуу заманбапташтырылып чыгарылган.
Путин 2005-жылы дагы Ту-160 "Павел Таран" учагына түшүп, беш саат асманда учуп, сынамыкка ракеталар ташталган.
Ан-124 Руслан учагы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Россиядан кол үзгөндөн кийин Украинанын авиаөндүрүшү токтоду. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0