Байыштын Желкайыпка үйлөнүшү, Жаныш болуп элге кайтышы. Дастан тууралуу 10 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековАт минген баатыр. Архив
Ат минген баатыр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Жазылуу
Эпос Калык Акыевдин вариантынын негизинде сунушталууда.
Кырк жигиттин баатырларды издеши. Жаныш жок болду, Байыш туткун болуп, аны Бээжинге алып кетти. Мына ушуларды турнабай салып билип турган кырк жигит ээн калган талаадан бектерин издей баштады. Шумкарларын кондуруп аларсыз барса кыргыздар буларды өлтүрмөк. Ошону үчүн баатырларды табышыбыз керек деп өлүктөрдү оодарып, кычыктарды аңтарып карашты – таппады. Экөөнүн эрдик кылган баатырлыктарына таң калышты. Өлүү тапсак аруу жууп көмөлү дешти. Бир убакта кыйкырып жүрсө туюк таш ичинен аттын кишенегени угулат. Ошентип Жанышты табышат. Апасы Күлүкан байбиче буларга кымыз курут берген экен, мобуя дары берген экен, ошолордон ичирет, канын жууп кетирет. Кытай Шооша табыптын кырма кызыл дарысын берет. Он алты күн дарылайт. Кырк жигиттин аттары болду ыргайдай, азыктары түгөнүп өздөрү болду куурайдай, өңдөрү өчүп кубарып сууда калган буудайдай. Эки жыл болгондо Жаныш эптеп элине барат. Атасы менен энеси Байышты жоктоп ыйлап-сыкташат, келип калар деп үмүтүн үзбөй жол тиктейт.
Жаныштын жерине келиши, инисин издеп жүрүшү. Атасы Нурканга Жаныштан не көрүп, не билгенин сурап, ал баргандан келгенге чейинкилерди төкпөй-чачпай айтып берет. Байыштын кегин кууп калың кол менен баралы дейт. Нуркан аскер топтоого буйрук берет. Алты миң кол, кырк жигит, Куланчы мерген болуп баягы урушкан жерге кайра барышты. Кагыраган миң сан баш, шагыраган сөөктөрдү көрүп Куланчы көзүнүн жашын төгүп Байыштын эрдигине таң калат. Азирет хан Бээжинди эки барып чапканын айтат, өзүнүн кытай тилин үйрөнгөнүн айтат. Жаныштан "мен Байыштын дайынын издеп мата, саман артынып соодагер болуп Кытайга барып келейин" деп суранат. Жаныш макул болот, ага Тама деген жигит кошулат.
Байыштын Желкайып менен кездешкени. Сыядат хан байлаган бойдон Байышты Бээжинге алып барат. Ал хандын эркек тукуму жок, жети кызы эле болуптур. Кыздардын кичүүсү Желкайып дегени экен. Атасы ушул кызына ишенип хандыгын ар жыл сайын төрт айдан берип турчу. Ошол кызга бир жигит келип кыргыздар менен кантип согушканын, жалгыз жигит канчасын кырып таштаганын айтат. Желкайып мурда эле кербендерден Жаныш менен Байыштын кабарын угуп жүргөн экен, атүгүл кыргыздын бир баатырына жар болсом деп кыяланчу экен. Ошолор экен дейт. Жүрөгү алып учат. Жети күн мурда түш да көргөнүн, ал түшүндө болот текөөр алтын боо асмандан эки куш көргөнүн увазир кызына айтып берет. Желкайып увазири менен адам асчу дарга жетип барат. Барса эки колу санына бек байланган жигит турат. Анын баш-аягын сыдыра карады – көңүлдөгү жар болчу жигит ушул. Кыз кыргызча суроо берип кирди, кимдигин, кайдан келгенин, динин сурады. "Өлүмдөн аман кутулсаң, мен болормун жубайың, сырымды билсе Сыядат, тилегиме жеткирбейт, сүйлөй бергин тартынбай, кытайлар кыргыз тил билбейт" дейт. Байыш баатыр падыша кыздын кыргызча сүйлөп турганына соолуга түштү, өзүнө келип, "муңдуунун алын сураган булбулдай болгон тилиңден мен садага болоюн" деп ийип, баарын айтып берди, уругу кыргыз экенин, Азирет хан чоң атасы, Нуркан өз атасы, Жаныш агасы экенин, өзү бек экенин, Үсүр шаарынан экенин, арзыганы Айдың-Көл экенин, Аккүргүндүн жээгинен кармалганын, жашы он бешке келгенин айтты. "Дардын түбүн майлатпай, бошотуп алар бекенсиң" дейт. Сыядат хан кызынын увазирин алтын-күмүшкө алдап сатып алып, сырын сураганда, ал Желкайыптын бир молдону эки жыл жалдап кыргызча окуганын, көп сопудан бата алганын, кыргызга тиер ниети бар экенин айтат, кытайга жаман көзү бар экенин айтат, тагыңды алгын астынан дейт. Сыядат кызын кылычтап таштайын деп туруп калды, эр издеген кыз ушулбу деп таажысын алды башынан, ченин алды чечтирип. Желдеттер хан буйругу менен кызды арабадан кулатып, жибектей чачын булатып, маңдайына каш койбой, башына жалгыз чач койбой кыйнашты. Төрт санына төрт казык кагып керип таштады.
Желкайыптын Байышка айткан сөзү. "Чын жараткан кудайым, не салдың башка убайым" деп келип Желкайып асылып турган адамдан сурайт, ажал жетип өлбөсө акыры болот жубайым деп, жерине алып барып келин кылбаганын армандайт. Сыядат хан кызынын тагдырын да ойлонуп калат, туура эмес кылдымбы дейт, келип баатырдын өлгөнүн көрүп турсун, түңүлсүн деп алдырат. Дарга асат – өлбөйт, экинчи асат – өлбөйт, үчүнчүсүндө дагы өлбөйт. Аккүргүнүн четинде колго түшкөн кезинде канча кошуун найза сайса да, сабатса да өлбөдү, бул өлбөс жан экен го деп айран калат кытай ханы. Мылтыкка өлбөсө, тирүү көмө албаса деп хан кеңешип көрсө, кеңешчилери Аргын балбанды алдыралы дешет бир ооздон. Анын кекиртеги тегирмендин ноосундай дешти, алты айчалык жолго алты күндө келет дешти, жети сан колду жеке өзү жеңет дешти, алты шаардын тамагын бир өзү ичет дешти. Ошону алдыртмак болду. Ага чейин туткунду карап туруу Желкайыпка тапшырылды. Желкайып Байышты караганга сүйүнүп, Аргындын кийим чак келбесин, башында тебетейи жок экенин, башы кырк кулак казандай экенин, көзү кызыл жалындай экенин, мурда өлтүргөн Аяз балбан менен бир тууган экенин, дагы-дагысын айтат. Жалтанба, айланайыным, жалтансаң эле заар тилдүү жыланга чактырасың, алдыңа келгенде жадырап-жайнап күлүп тур дейт. Аргын балбан Аяздын кунун кууштун учуру келгенин билди. Күргүштөп күрөшкө кирди. Карт балбан Байышты бир карап солк этип чочуп алды. Алп дөө басып келгенде жаш балбан ак жолборстой буйтады. Ары-бери тартышты. Бир убак Байыш ичине кире калып, оң жамбашка салып, оюлгурду камынтпай оңтойлото чалды, оолжуган түгөттү оңкосунан салды. Кайра туруп келгенче көтөрүп жерге дагы бир чапты. Аргындын башы сынды жанчылып, мээси жерге чачылды. Сыядат баштап буркурап ыйлады, эми душманга жекеме-жеке ким чыгат деп. Караламан көпчүлүк бизге тиешелүү тамагыбызды жеп салган ушунун өлгөнү жакшы болду дешти ичтен сүйүнүп.
Кырчын капчыгайында улуттук кийимчен чабандес. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
"Эр Табылды" дастаны тууралуу 12 факт
Байышты ак орго ташташты. Сыядат өлбөс Байыштын айласын таба албай кызы Желкайыпка акыл салды, "Жанын билсең айтып бер, жаркыным сенден сураарым" деп жалынды. Ананчы, алтымыш жердеги кылыч, шамшар тийген жарасы менен өлбөй жүрсө, алтымыш миң кишиден тайбай согушса, үч миң киши чынжырлап араң байласа, мылтыктын огу өтпөсө, кылычтын мизи кеспесе, орго салса батпаса, сууга салса акпаса, Аяз менен Аргынды бир-бирден терип өлтүрсө. Жаамы кара чач кытайдын бир балага алы жетпей турганга Сыядат хан арданды. Кызына "өлтүрүп берсең эбин таап, так-таажымды берейин" дейт. Желкайып муну угуп Байыш менен акылдашат, атасынын ак ор жана кара ор деген эки ору бар экенин, ошонун ак оруна салып, жараатың айыкканча багайын, анан атамдын Карала жана Көгала деген эки тулпары бар, ошону ак орго алып барып, алтымыш кулач ак танапты салып ордон тартып алып, тулпарларды минип жериңе качалы деген сунушун айтат. Байыш макул болбоско аргасыз. Ак ору түбү алтымыш кулач экен, бардык жогу нымдуу, четине таш тиздирип чыңалткан. Желкайып атасынан кыргыз баланы ушул ак орго таштоону суранат. "Өлөрүн айтып бер десең алтымыш кулач танапка, белинен бекем байлатып оттой көзүн жайнатып таштай шорун кайнатып" ташта, ошондо же өлүүсү, же тирүүсү билинбей сен андан кутуласың дейт. Сыядат хан кызынын акылына ыраазы болот да, ошондой кылат. Желкайып Байыш менен акырын көз ымдашып коштошот.
Желкайып менен ордогу Байыш баатыр. Хандын кызы Желкайып алтын дарча ордодон илбирстей жылып чыгып, түнүндө Байышка келет жан адамга билгизбей. Алды жумшак болсун деп олпок таштады, эки-үч сыйра жеткидей кийим таштады. Жараатына сыйпачу кырма кызыл дары таштады. Бир жерге тура албай түнү менен ак орго барат тамак алып. Балчыга бал ачтырса, "тилегиңе жеттиң" дейт. Кызынын мусулман болуп кеткенинен шектенген Сыядат хан билип келгиле деп желмогуз сындуу кемпирди жиберет, сынчы менен тыңчыны жиберет, аласчыны жиберет, төлгөчү менен балчыны жиберет. Желкайып булар сырымды атама айтып коёт деп баарынын башын алдыртат.
Куланчы чечен менен Тама. Жаныш бул экөөнү Байыштын кабарын билүүгө Кытайга жибербеди беле. Экөө тең кытайча кийинип, кытайча сүйлөшүп, баатырдын кабарын укпай көпкө убара тартат. Бир жерден кыргыздын бир жигити колго түшүп келгенин, ал Аргынды өлтүргөнүн, хандары аны жок кыла албай орго салганын эшитип, кабар тапканга кымың эте түшөт, эми табат экенбиз деп. Көп издешет, тынбай издешет, калаадан таппай бир мелмилдеген талаадан кол менен жасалгандай дөбөнү байкашат, акырын барса Сыядаттын наамында кытайча "Ак ор" деген жазуу турган экен. Экөө ошондо түпсүз ордун түпкүрүн карап, "Айланайын эр Байыш, аман-эсен барсыңбы, кагылайын эр Байыш, казылган ордо барсыңбы, душманың эмес тууганбыз, изиңди өлчөп кууганбыз, үч жылдан бери табалбай, бүгүн келип турганбыз, кубат кылып издеген Куланчы менен Тамабыз, Байышыма бар деген баатыр Жаныш агаңыз" деп үн салышат. Булардын үнүн угуп, өзүнүн абалын айтат, муңдашы Желкайып жөнүн айтат. Силер билинбей жашырынып жүргүлө, бир күнү жакшылык келер дейт.
Желкайып. Байыш ак ордо жети жылы жатты, сегизинчи жылга айланып аткан. Байыш ушунча жыл Желкайыпка бир ооз ачпаган. Буга Желкайыптын жини келди, ушунча карасам да же үн чыгарбайт, же доош бербейт, дагы деле сүйлөбөсө орго таш таштатып өлтүрөйүн дейт да, ордун ичин карай мындай дейт: "Өмүрүңчө талыбай жатасың ордун түбүндө, түйшүк тартып жалгызым тынбай келем түнүндө", "Анттуу-шерттүү жар болсоң сүйлөтчү булбул тилиңди, чыгарчы күкүк үнүңдү", "Адам кылар иш эмес ак ордо жатып алышың". Ушундай баатырдын намысына тиер сөздөрдү айтат, өзүнүн аны качырууга камдуу турганын айтат. Ошондо Байыш сөзгө келип, учуп чыгар канат жок, бузуп чыгар жарак жок абалын айтат, жарааты эки жылда эле бүткөнүн айтат, арканыңды алып кел, ага кошо ак болот кылыч-калкан ала кел дейт. Баатырынан жооп болгонго Желкайып жетине албай сүйүнөт. Эки тулпарды, жарак-жабдыкты алып келсе алтымыш кулач аркан жок, оолугуп жатып унутуп калыптыр. Муну угуп Байыш аны аябай тилдеди. Эми эртең деп кыз кейиген бойдон ордосуна кайтты. Байыш жети жылга чыдап, бир күнгө чыдабай жатты. Ошол кезде ор башына Куланчы менен Тама келди. Аларга биз качсак артыбыздын ат таап минип, Айдың-Көл таман чапкыла деди Байыш. Түн ортосу болгондо бир тулпарды минип, бирин жетелеп, колуна айбалта, кылыч, канжар алып Желкайып келди ак орго. Тараза жылдыз кубулуп бата турган убакта Желкайып ак танаптын бир учун ак орго таштады, бир учун тулпарларга байлады. Байыш мурдагыдан да толуптур, жыйырма үчкө келиптир. Желкайып менен Байыш баатыр эки тулпар минип, күндүз дебей, түн дебей жүрүп Карала менен Көгаланы жарыштырып он эки күнгө толгондо Аккүргүндүн боюна жете келишти. Чытырман токойго кирип, чарчаган немелер үч күн уктап калышты. Байыш дагы үч күн уктады. Уктап атканда бир жолборс кол салып, Байышты Желкайып эптеп ойготсо, жолборсту бир мышыктай ыргытып, териси сыйрылып колунда калат. Ошондо мактанып атса, Желкайып айтат, "кулжа көөдөн, жоон өпкө, дардаң баатыр экенсиң, бир сүйлөгөн жок элең жети жыл ордо жатканда, элиң кайда, эр Байыш, этиеттеп чакчаңда". Дагы бир топ күн жол жүрөт. Уктап жатып Байыш жаман түш көрөт, аны Желкайыпка айтып берет. Ал жакшылыкка жоруйт. Атам бизди куудуруптур дейт. Баягыдай Аккүргүндүн талаасында буларды жайнаган кол тосуп туруптур. Байыш курал-жарагын алып, Желкайып менен коштошо туруп, аларды көздөй жөнөдү. Желкайып да калбай ага кошулду. Кылкылдаган кытайдын колун четтен кырып барат экөөлөп. Куланчы менен Тама келип ошол кез алар да бир жагын оюп кирди. Мылтык атат Желкайып. Өлүктөр жатат үйүлүп... Акыры кытайлардан Сыядат хан жалгыз калыптыр. Хан Сыядат менен эр Байыш найза сайышты, эңишке чыкты, бири-бирин жеңе албай алты күн жүрдү дем албай. Аттан түшүп күрөштү, алтымыш кулач ордо сегиз жыл жаткан баатырдын дарманы качат. Куланчы, Тама жакын жерде көрүнбөйт. Желкайып же атасын ата албайт, же атасына болушуп Байышты токтото албайт.
Жаныш. Байышты ажыраттык кытайлардын колунан, жекеме-жекеде ал Сыядатка жеңилмек беле деп Куланчы менен Тама эр Жанышка жөнөйт. Сүйүнчү айтып. Анан аны ээрчитип келебиз деп. Барса Жаныштын баягыдай сүрү жок, сүрү турмак күчү жок. Ал гана эмес калың аскер колу жок. Аскердин чети кырылыптыр, ачкадан өлүптүр, көрбөгөндү көрүптүр. Жаныш инисинин айынан акылынан адаша баштаптыр. Саламды да укпады. Кыйладан кийин өзүнө келгенде Байыш менен Сыядаттын кармашып жатканын айтышты. Үчөөлөп келсе Байыш жеңилгени калган экен, тулку бойдон ал кетип. Жанышты көрүп чыйралды. Сыядатты көкүрөккө минип, көкүрөктөн тилди эле, анын каны чыкпай мөңкүп кыйла жатып, жаны чыкты. Жаныш менен Байыш кучакташып көрүштү, армандарын бөлүштү, эскилерди эстешти.
Эки думана. Жаныш менен Байыш жолдо думана кийимин кийип Үзүр шаарына бара жатып, Кайры шаарынын беги Сарбаңга салам берелик деп барса ал киши көчөдө кайыр сурап калыптыр. Өздөрүнүн шаарына барса ата-энеси карыпчылыкта жашап, мурдагы кулдары Акжол, Дарбаз Жаныштын уулу Баяманды өлтүргөнү жаткан экен. Эки баатыр бул жердегилердин баарын жеңип, Сарбаңга хандыгын берип, Байыш кытайдын кызы Желкайыпка үйлөнүп, чоң аталарынын жери Айдың-Көлдү ээлеп, душмандары жок тынч жашап калышат.
Улуттук кийим кийген чабандестер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
"Жаныш-Байыш" дастаны тууралуу 9 факт. Баскынчылар менен аеосуз согуштар
Жаңылыктар түрмөгү
0