"Жаныш-Байыш" дастаны тууралуу 9 факт. Баскынчылар менен аеосуз согуштар

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген чабандестер. Архив
Улуттук кийим кийген чабандестер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
"Жаныш-Байыш" — кыргыз элинин баатырдык эпосторунун ичинде өз орду бар фольклордук мурас. Андагы башкы ой — мекенчилдикти, баатырдыкты даңазалоо.
Дастандын окуялары XVI-XVIII кылымдар арасындагы кыргыздардын баскынчыларга каршы күрөшүн чагылдырат жана ошол кезде эле кимдир бирөөлөр тарабынан чыгарылып, кийин жалпы элдик чыгармага айланып кеткен деп болжолдоого болот. Сиздерге ошол дастан тууралуу Калык Акыевдин вариантынын негизинде 19 факт сунуштайбыз.
Дастандын басылышы тууралуу. 1922-жылы айтылуу башкырт мугалим-фольклорчу Каюм Мифтаков бул чыгарманы алгачкылардан болуп Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алган. Андан башка да Жусупаалы Жаанаев, Сарыкунан Дыйканбаев айткан варианттары бар. Эл арасындагы сөздөргө караганда Балыкооз, Сартбай, Айтике, Токтогул, Жеңижок да бул чыгарманы айтышкан, бирок алардын варианттары жазылып алынган эмес. Кытайлык Өмүр Мамбеттин варианты Үрүмчү шаарынан 1988-жылы араб ариби менен кыргыз тилинде чыккан. Эң эле толук жана көркөмдүгү жогору вариантты Калык Акыев калтырып, 1939-жылы биринчи жолу басылган, кийин да кайталанып чыгып турган. Эпосту изилдеп Сапарбек Закиров, Жаки Таштемиров, Жүрсүн Субанбеков, Батма Кебекова, Мураталы Мукасов, Имель Молдобаев ж.б. фольклорчулар эмгек жазган.
Азирет хан жана анын көпүрөсү. Кыргыз элинен чыккан Азирет деген хан акылман, даанышман, көсөм киши болуп, алдыда не болорун сезип турган. Ордосу Үсүр деген шаарда жайгашып, алтымыш калаа жана андагы эл ага караштуу болгон. Булардын душманы Сыядат деген хан башкарган кытайлар экен. Кытай менен кыргыздын ортосунда Аккүргүн деген дарыя агып, ал жер менен Үсүр шаардын аралыгы ат менен алты айлык жол экен. Аккүргүндүн зоосунун түбүнө Азирет хан көпүрө салдырып, ошол көпүрөдөн өтүп, кытайларды далай жолу чаап, алым алып турган, куш салып, аңчылык кылган. Жылдар жылып Азирет хан баатырдык алынан тайып, карылыкка моюн сунуп берет. Ойлонуп туруп, өзү о дүйнө аттанып кетсе кытайлар кыргызды талкалап, мал-мүлкүн талап кетпесин деп, көпүрөнүн эки башын бекиттирип коюуну ойлонот. Колго түшкөн көп кытайды иштетип, анан аларды дарыяга агызып текши жок кылып, маңдай жагындагы кара зоонун түбүндөгү көпүрө башын кара кыш менен кынатып, кара кум менен шыбатып бүтөтүп, "бул көпүрөнүн бир башын кайып, бир башын кызыр ээлеп калды" деп жаздырып салат. Көпүрөнүн бул өйүзү кара зоо, бүйүзү кызыл зоо болуп, эки жагы жиксиз зоого айланды.
Нуркан жана анын эки уулу. Азирет хандын уулу Нуркан атасына салыштырмалуу эрдиги да жок, эси да жок бирөө болду. Нуркан эки уул көрдү, биринин атын Жаныш койду. Чоң атасы бу дүйнө менен коштошуп кетери менен Жанышты таятасы багып алат. Анан Нуркандын зайыбы Күлүкан жолборстун жүрөгүнө талгак болуп, кыйналып эркек төрөп, атын Байыш коюшат. Байыш башкача болуп чыгат, тогузга келгенде бир кишичил бууранын бутунан кармап жулкуп ыргытканда буту колунда калып, буура бута атым жерге барып түшөт. Атасы менен энеси көз тийбесин деп чочулап, элден этият кармайт. Жаныш эр жетип, ага Күлбөсхан дегендин күүгүмдө күн тийип турган сыяктуу сулуу кызы Күмүшайды алып беришет. Жаныш менен Байыш Баш-Көл, Орто-Көл деген жерлерде кырк жигити менен аң уулап, куш салып жүрүшчү. Ошондой күндөрдүн биринде Байыш агасы Жанышка чоң атасы ким болгонун, кандай адам болгонун айтып беришин суранат. Чоң аталары Азирет Аккүргүнгө чоң көпүрө курганын, коломолуу кол менен барып кытайга кыргын салганын, Сыядаттын көп колун эки куур чаап алганын, өлөрдө көпүрөсүн бекиттирип салганын сурап, ушул чынбы дейт. Андай болсо аттанып чыгып, чоң атабыздын жолуна түшөлү дейт. Байыштын сөзүн угуп туруп, Жаныш муну бирөө душмандык кылып оолуктуруп атабы деп, ал да укканын айтат, ошол көпүрөнү кайып менен кызыр ээлеп калганын, ал жакка барууга болбосун айтат. Чоң атабыз согушту токтоткон, атабыз Нуркан алтымыш шаарга падыша болду, душманыбыз жок, ошолордун дөөлөтүндө жатабыз, жашыбыз он жети менен он бешке келдик, дагы эмнеге капабыз дейт. Сенин "балтыр этиң ката элек, балапан жүнүң бата элек, үйдөн чыгып талаага, үч күнү удаа жата элек, чымыр этиң ката элек, чырымтал жүнүң бата элек" кезиң, сен жыйырманы ашып жык толгондо, мен отузга жашым токтолгондо кара чачтуу кытайдан качпай турган чак болот, ошондо баралы дейт ал жакка.
Жаныш менен Байыштын атасына айткан сөзү. Балдар жигиттери менен жайлоодон келет. Байыш тыңшап турса агасы Жаныш атасы Нуркан менен учурашып, ага Байыштын чоң атасы, анын көпүрөсү тууралуу сураганын, баланын атырылып тынчыбай калганын айтат. Муну бирөө оолуктуруп жатыптыр, мен анын ким экенин он күнгө жетпей табамын дейт. Сен аны "темир канат жашсың де, жашыңда неге шаштың де, жыйырмадан жашың ашсын де" деп суранат атасынан. Байыш муну угуп турган да, кабагын карыш түйүп, каарданып, үстүлөрүнө колун бооруна алып кирип барды эле Нуркан да, байбичеси Күлүкан да бул уулуна ылым санай карады. Анан үчөөнө өзүнүн оолугуп, октолуп турганын айтып, атакесинин акысынан, энесинин ак сүтүнөн кечишин суранып иет. Ак мунар тоонун бери жагына, Айдың-Көлгө барып, чоң атасынын кара кыш менен каптаган, кызыл кыш менен чаптаган, кырк кылымды болжотуп, кыноосун жиксиз кынаган, кызыл ташка окшотуп, кытай уста чыңаган көпүрөнү ээлеп алган кайыбы менен, кызыры менен кармашып, Азирет хан атамдай Айдың-Көлдө куш салам, ал жерибизди кытайлардан ажыратып алам дейт.
Нуркандын балдарына берген жообу. Ошондо Нуркан Байыштын сөзүн угуп жаман айта албай жайкап туруп, жарганаттай жаш туруп, мындай иш кылууга болбосун, алтымыш шаар жери, алтын-күмүшү бар экенин айтат, камаса кытай соо койбосун, Аккүргүндүн арасы алты айлык жол экенин, ортосу агын суусу жок Какырама чөл экенин, адамдын көбү жолдо өлүп кор экенин, сойлогон ажыдаары, жойлогон жолборсу, кабышкан карышкыры бар экенин, алты миң кошуун алып өз көзү менен барып азап көргөнүн айтат. Барып түлөөгө деп алтымыш ак боз бээ, миңдеген кой сойгонун, бирок көпүрөгө алы келбегенин айтып, эми сенин алың келмек беле, 25ке толгондо аракет кыл дейт. Байыш бул сөздөрдү укса да, каргасаң да барамын, алкасаң да барамын, Ак мунар тоодон беркисин ажыратып аламын деп туруп алат. Энеси балалуу боло албай жүрүп 46 жашка келгенде Жанышты көргөнүн, анан Байыш боюна бүтөрдө жолборстун жүрөгүнө талгак болгонун, мергендер беш жолборс атып келип, жүрөгүн туурап жедирип, терисин кабат жаптырганын, он эки ай толгондо омурткасы сыздап төрөгөнүн айтат. Байыш баатыр үндөбөй эшикке чыгып кетет, Жаныш алтымыш шаардагы аксакалдарды, чечендерди, кожолорду, молдолорду, казыларды чакырып, Байышка акыл айтсын дейт. Байыш алардын айтканын укмак түгүл, "кожо болсоң даарат ал, баштарыңа селде чал" деп кайра баарын урушат. Эч кимге көнбөй аттанып кетмек болот.
Кожожаш фильминен кадр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Байыркы кыргыздардын экологиялык көз карашын чагылдырган. "Кожожаш" дастаны
Ата-эненин баласына той бериши. Байыш кепке келбеген соң жалгыз жибербей Жаныш ага кошулуп бармак болду. Эми балдарга түлөө той берели деп Нуркан менен Күлүкан дүйнөсүн аянбай сарп кылып, алты күнү алтымыш шаардан келген конокторду бактырып, "алдына атан төө берип, саарына бээ берип, жетимге киер тон берип, жетпегенге чоң берип, кожо, молдо, эшенге кол кайырды мол берип, жесирге соёр кой берип жети күнү той өткөрдү. Эки жүз элүү бээ сойду. Балбандар күрөштү, жигиттер көк бөрү тартышты, оодарышка чыгышты. Сегизинчи күнүндө Азирет хандын арбагы башыңарга орносун деп баталарын беришти. Атасы балдарга алты миң кол кошмок болду эле, апасы Күлүкан муну жактырбай, анча кол менен булар урушка кирип кетет, андан көрө аскерсиз барып, кытайларды көрүп, коркуп качып келишсин, кылыч, найза, дагы башка жараксыз эле кырк жигитти кошуп бер деди. Экөө эки шумкарын колуна кондуруп, кырк жигит ар бири экиден жорго алып, алты жылда келербиз деп жөнөп кетти. Жаныштын жары Күмүшай кайнатасынан ийменип, дарбазанын түбүндө коштошкону тили ширин Гүлсыйнаны көтөрүп келип, төрт айлык боюнда бар экенин айтып турду.
Жолдо. Кырк атка азык жүктөп кырк жигит жолдо барат. Алдыда – Байыш. Атам айткан ажыдаар чыкса кармашам, жолборс чыкса жоолашам деп жан-жагын карап коёт, дагы ал токою көп деди эле, токой турмак ат чалдырар камыш жок, керик турмак кулан жок, ажыдаар турмак жылан жок, кара кулак шер турмак карга менен кузгун жок, жолборс турмак жору жок, дарыя турмак булак жок деп келет. Алты айлык жолду азап менен төрт айда басып жетет. Айдың-Көлдүн бетине, көпүрөнүн бер жагына Аккүргүн дайранын жээгине келди. Ушул жерде Азирет хандын убагында ат чабуучу секи эле. Бир түнөп эрте менен келишсе маңдай жагы кара таш, бул өйүзү кызыл таш, эч жиги жок жатат көпүрө. Жаныш жана дагы кырк жигит көпүрөнүн эки башын тазалоого көзү жетпей турганда Байыш мен муну бузам, "менде бир күч бар, атакем анымы эч кимге билдирбей токтотуп койгон, ошону алып чыгам" деди. Анан кынаган таш менен кышты, шыбаган кумду келтирип туруп тепти эле тосмонун бырын-чырыны чыгып жатып калды. Ошол кезде агасына жаш бала кезде атасынын беш жүз төөсүнүн ичинен киши чайнап коркутар бууралардын бири менен алышып, анын бутунан кармап ыргытса колунда буту кала бергенин сыр кылып жүргөнүн айтат.
Аталар жери – Айдың-Көл. Азирет хандын ээлик кылып куш салган жерине жетишти. Жаныш кырк жигитке айтты: "Ажал жетип күн бүтсө чогуу өлөлүк, бирибизге бирибиз сүйөнүшүп жөлөнүп, тирүү калсак бирибиз өлгөндү шейит көмөлүк, миң кошчуга бир башчы, ошо башчы жол ашчу". Жаныш жол баштап барат: алтымыш өзөн ак мунар, аркайган бийик зоолор, тегерете туюк жар, үстүнөн туман арылбайт, баштары аппак мөңгү кар... Жел жүргөндө жайкалып, тулаңы жалтылдайт, кокту сайын шаркырап агып жатат булагы, удургуп жайылып жүрөт бугу, марал, куланы. Кузгуну куркулдап, куулары жаркылдап, кулаалы салпылдап, сууру төштө чыркылдап, өрдөк, чүрөк, кашкалдак беймарал сууда сүзөт, аңыры аңкылдайт, бакалар чардап какылдайт, булбулу сайрайт түнүндө, чакчыгай кошо чакылдайт, кашка чымчык каргадай, карагаты алмадай, бүркүтү зоодо шаңшыйт, күкүгү тоодо таңшыйт. Ушундай жер экен чоң аталарынын Айдың-Көлү. Эки күн көздөрү тойбой кыдырды, көңүлдөрү өсүп семирди. Эми шумкарларын салууга камынды. Куш салып ырахатка батышты. Жаныш "он күн куш салып жаталы, анан жарагыбыз жок, колубуз жок, кайра жерибизге кайталы, кийин калың кол менен келели" деди. Сегизинчи күнү түнүндө Байыш жаман түш көрдү. Душман каптап кирген түшүн агасына айтты, кандан кызыл сел көргөнүн айтты, торго түшүп калганын айтты. Жаныш инисинин түшүнөн чочуп, жигиттерди ойготуп таңга маал дүрбү салса, көпүрө башын калың жоо тосуп калыптыр.
Уруш. Оолуккан Байыш жоого барууга шайма-шай турду, Жаныш болсо бул жерден тез кайталы, каруу-жарак колдо жок, атышарга мерген жок, алты миң кытай, биз жалгыз деп инисин көндүрө албай коёт. Аккүргүндүн суусунан Кайры шаардын тушунан аман-эсен өтүп кетип, кол топтоп келели дейт. Байыш болсо качып барсак өлгөнчө шылдың болобуз, алдымдан чыккан кытайга атылып өлсөм шейитмин деп туруп алат. Жаныш кырк жигитке кайрылып, Байыш менен биригип кытайга уруш салалы дейт. Байыш агасынын кырк жигитке жалынган чечкинсиздигине ыраазы болбойт, аларга ишенбей өзүбүз эле урушту баштайлы дейт. Байыштын мүнөзүн жакшы билген Жаныш кырк жигитти калтырып, жоого экөө гана кирмек болот. Экөө калың жоого өлүм жөнүн сүйлөшүп, бири-бирине керээз-мурас айтып кирип барды. Баатырлар жоо-жарагы жок уруш баштады. Жанышты кытайдын Аяз баатыры найза менен саярда өңүп турган Байыш Сур жоргосун алкынтып барып, найзасын колунан сууруп, мылтыгын тартып алды, мизинен кармап кылычын алды. Ошол кезде кытайлардын алтын ооз жез сурнайы тартылып, алты миңи ат койду экөөнө. Аткан октор жамгырдай айдалыга бир тийип ак олпокко жабышат. Бир убакта Жаныш кайра качып калганда, Байыш "береги жоого тик барыш, беш-алты миң душманга берендин иши кол салыш" деп, "жатындашым бар деп жүрсөм жалгыз экенмин, жалгыз эле жоого киремин" деп агасына таарынат. Байыш "Нуркандын эки баласы чыдабай качты дедирбей салышып жүрүп өлөйүн деп Сур жоргонун төш олоңун бек тартып, чап олоңун бош тартып, куюшканды кыскартып, көмөлдүрүктү узартып жер жайнаган колго жалгыз кирди. Кызыл кан суудай чачылды, сап-сап болуп кытайлар сулап калды. Кеч кирет да, таң атат, кезиккен колду кекилик-чилдей таратат. Сур жоргосу суу да ичпейт, тердебейт, асмандап ойноктойт. Кытайдын Аязы өлгөн соң калганы кара таан калк экен. Бир убакта чуу чыгат, караса агасы Жаныш душманды бир четинен оюп келет, кол жеткенин жыгып өлтүрүп келет. Суй жыгылып чарчашат, Жаныш ат откоруп бир аз дем алалы десе, Байыш болбойт, "Сыядат хандын жүрөгүн жүлүнү менен жарсам, калың кыргыз элине даңктуу болуп барсам" дейт. Алты миң аскердин эки миңин түгөттү, калганын да жүдөттү. Карала тулпар минген Сыядат Байышты камоого алды, аны жыгып тынды, эки колун темир менен чырмады, мойнуна зоолу салышты, бүт денеси кан болду, камчы менен сабашты, найза менен сайышты, айбалта менен чабышты. Кара санына бычак тыгып бир кумарга батышты. Корум таштын үстүнө таштап, кырк сакчыга кайтартты. Муну алыстан көрүп турган Жаныштын бүт сөөгү зыркырап, каралдымдын айрылып калкыма кантип барайын деп өлүмгө башын байлап согушуп жатты. Сыядатын баш кылып кууп барат. Дагы кыйласын кырып иерде иниси Байыш эске түшүп кайра кайтты. Жаныш инисин кайтарып жаткандарды келбес жайга кетирип, алтымыш батман темир торду аңтара салып, Байышты өңөрө качты онтоткон бойдон. Байыш тирүү эле көөмп кет дейт, жаны ооруп. Кер жорго минген Жанышты тосотто турган жазайылчы жашынган жерден атты эле, омуроодон кара кан кетти, өзүнөн такыр ал кетти, атынан эси ооп кулады. Жаныштын аты "Жолборсум Жаныш, минсеңчи, жорголугум билсеңчи, жоо келатат жүрсөңчү" деп адамча сүйлөп иет жалооруп. Анан ат жатып берди, Жанышты алып Айдың-Көлдүн белине качып берди. Кийик чубап өтпөгөн зоого алып келди. Ошол жерден бир үңкүргө кирип кетти. Кытайлар аны таш жутуп алды деп түңүлүп артка тартты.
Эр Төштүк эпосундагы Маамыттардын образдары - Толубай-сынчы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2023
"Эр Төштүк" дастаны тууралуу 10 факт. Жомоктон эпос деңгээлине көтөрүлгөн
Жаңылыктар түрмөгү
0