Улуттук банктын алтын кору 2,4 млрд сомго өстү

© AP Photo / Mike GrollАлтын куймалар. Архив
Алтын куймалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Январь айында Улуттук банктын алтын кору 2 миллиард 384,3 миллион сомго өстү.
Башкы банктын сайтынан алынган маалымат:
январдын башына карата — 127 миллиард 413,6 миллион сом (тарыхта экинчи көрсөткүч болчу, эми үчүнчү);
февралдын башына карата — 129 миллиард 797,9 миллион сом (эми экинчи көрсөткүч).
Эмненин эсебинен мындай өсүү болуп жатканы так айтылган эмес. Отчеттук мезгилде алтындын дүйнөлүк баасы бир аз төмөндөп, Улуттук банк доллардын расмий курсун 23,5 тыйынга жогорулаткан.
Белгилей кетсек, соңку мезгилде алтын корунун баасы өсө баштаган. Алсак, былтыр ал 81,3 миллиард сом деп бааланган. 136,8 миллиард өлчөмүндөгү рекорддук көрсөткүч өткөн жылдын декабрынын башында катталган.
Алтын куймалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
"Кумтөр" былтыр 13,6 тонна алтын сатып, 302,4 млн доллар таза киреше алды
Жаңылыктар түрмөгү
0