Дүйнөлүк параспортчулар кыргызстандыктарды атаандаш көрүп калды. Маек

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСууда сүзүү боюнча паралимпиададагы спортчунун коляскасы. Архив
Сууда сүзүү боюнча паралимпиададагы спортчунун коляскасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Акыркы кезде Кыргызстанда параспортчулар да мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, эл да түшүнө баштады. Учурда Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн чоң аракет көрүлүп жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, КРдин эл аралык класстагы спорт чебери Адилет Камчыбеков болду. Биз Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарына даярдык, параспортчуларды колдоо, окуу-машыгуу жыйындары тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асылбек БактыбековПара жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, КРдин эл аралык класстагы спорт чебери Адилет Камчыбеков
Член национальной сборной по паралёгкой атлетике, мастер спорта международного класса Кыргызской Республики Адилет Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, КРдин эл аралык класстагы спорт чебери Адилет Камчыбеков
— Мурдагыга салыштырмалуу мамлекет да параспортчуларга абдан көңүл буруп жатканы айтылууда. Өзүңүз да быйыл жылдын мыкты параспортчусу болдуңуз...
— Өткөн жылдарга салыштырмалуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бюджети өсүп, параспортчуларга мамлекет тарабынан көңүл бурула баштады. Буга чейин параспортчулардын окуу-машыгуу жыйындарын уюштурууда, эл аралык мелдештерге катышууда көйгөйлөр жаралып келген. Болгону спортчулар өз эрки менен мыкты даярданса гана ийгиликтерди жаратса болот. Япониянын Кобе шаарында дүйнөлүк чемпионат өтөт. Ушул турнирлерде Олимпиадага лицензия алуу жаатында чоң пландарым бар. 2023-жылы пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк, эл аралык чемпионаттарда байгелүү орундардын ээси болдук. Анын жыйынтыгы менен мамлекет тарабынан стипендияларды алып, колдоо таптык. Эл аралык ири мелдештерде көрсөткөн жыйынтыктарына жараша мамлекеттен стипендия алган параспортчулардын саны көбөйө баштады. Былтыр Пара Азия оюндарына 30га жакын параспортчу катышты, мурда беш-алтоо гана барчу.
— Параспортко болгон коомдогу мамиле да башкача болчу...
— 2019-жылдан баштап параспорт өнүгүүдө. Параспорт — бул мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын спорту. Бирок биз антип атабай, кайраттуу адамдардын арасындагы спорттун түрлөрү дейбиз. Параспортту билгендердин саны өстү, бирок билбегендер да арбын. Параспортчулар катышкан марафондук жарыштар, түрдүү спорттук мелдештер өтүп, акырындан жайылып жатат. Албетте, элдин да кайраттуу адамдарга карата мамилеси өзгөрүүдө. Быйыл жайында Парижде Паралимпиада оюндары өтөт. Жакынкы бир-эки айда ири мелдешке лицензия берүүчү турнирлер башталат. Учурда ар бир дисциплина боюнча даярдыктар катуу жүрүүдө. Негизи өткөн жылдарга салыштырмалуу Дене тарбия жана спорт департаментине бөлүнгөн каражат өсүп, параспортчуларга мамлекет тарабынан көңүл бурула баштады. Башында биздин бюджет 4-5 миллион сомдун тегерегинде гана болчу. Азыр онго жакын парафедерация пайда болду. Сурдо спорттун түрлөрү өнүгүп жатат. Бразилияда өткөн Сурдлимпиадага катышкан спортчуларыбыз беш медаль алып келишти. Атайын спорттор (даун, аутизм менен жабыркаган адамдардын арасындагы спорттун түрлөрү) да республикалык деңгээлде жакшы өнүгүүдө. Быйыл 2024-жылга карата параспорт үчүн 47 миллион сом каралыптыр. Мындан тышкары, Бишкек шаардык жана региондогу спорт башкармалыктарынан акча бөлүнүп жатат. Бирок Кыргызстанда 200 миңден ашык кайраттуу адам бар. Спорт, дене тарбия адамды чыйралтат, ден соолукту чыңдоого жардам берет. Булар ооруп калса, аларды дагы 200 миң адам карашы керек болот. Ошону менен 400 миң адамдын колу байланат. Каражат да кетет. Андан көрө мамлекет кайраттуу адамдарды спорт жаатында камсыздап турганы жакшы.
— Мурда параспортчулар жеңип келгенде гана мамлекет тарабынан көңүл бурулчу эле…
— Мамлекет тарабынан жеңип келген спортчуларга колдоолор көп болчу, бирок меценаттар же демөөрчүлөр тарабынан башка спортчулардай биздикилерге белектер берилгенин көргөн жокмун. Компаниялар да амбассадор болгон учур катталган эмес. Бирок баары эле шыр болуп кетпейт. Акырындан ошого бара жатабыз. Алгач биз да жыйынтык көрсөтүшүбүз зарыл. Антпей эле элден аброй, мамлекеттен каражат сурай берсек туура эмес болуп калат. Кадимки спортко салыштырып караганда параспортко көбүрөөк акча бөлүнүшү керек.
— Бүгүн инфраструктура маселеси кандай чечилип калды?
— Ыңгайлаштырылган спорттук инвентарлар азыркы учурда деле жетишсиз. Бардык спорт мекемелерине же ажатканаларына коляскачан кирүү ыңгайсыз. Каалагандардын баары эле спорттук мекемелерге барып машыга албайт. Республиканын айрым жерлеринде гана атайын ыңгайлаштырылган спорт мектептери бар. Менин сунушум, аймактардагы ар бир спорт мектептке пандус салып, ажатканасына кирүүгө шарт түзүп берсе. Ушул эки кичине маселени оңой эле чечип койсо болот. Кээ бир спорттук мектептерде жылыштар бар. Кайраттуу спортчуларга шарт түзгөн окутуп-машыктыруучу жайларга жардамдар көрсөтүлөт. Тилекке каршы, баары тең эле муну колго алышкан жок. Буга чейин параспортчулардын окуу-машыгуу жыйындарын уюштурууда, эл аралык мелдештерге катышууда көйгөйлөр жаралып келген. Мен азыр жеке менчик тармакта иштейм. Компаниябыз менен сүйлөшүп таза кирешенин 10-25 пайызын кайрымдуулукка жумшайбыз. Парафедерацияларды түзүү долбоорун ишке ашырып жатабыз. Кайраттуу жаштар спорт менен машыгып денесин чыңдаса, интеллектуалдык жактан өнүгүшөт. Адам көп басса, чуркаса ошончолук кычкылтек денесине жүгүрөт. Бул анын акыл-эсин жакшыртат. Азыр бардык кайраттуу адамдар спорт менен машыга алат. Спорттун түрлөрү көп. Кандай мүмкүнчүлүгү чектелген адам кайсы спорттун түрү менен машыгышы керектиги тууралуу китеп чыгарганбыз, бардык машыктыруучуларга таратылган. Аларда бул жаатта түшүнүк бар.
Кыргызстанда таяк тартыш спортун жанданткан Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Кыргызстанда таяк тартыш спортун жанданткан Эркинбек Тезекбаев. Эскерүү
— Мындай балдардын ата-энелери аларды коомго чочулабай аралаштырып калыштыбы?
— Баланы эле эмес, алгач ата-энесин да спортко тартабыз. Эгер бала коляскада отурса, аны ата-энеси сүйрөп кошо чуркайт. "Сиздин балаңыз ушундай иштерди жасай алат, чемпион болуп, өлкө намысын чет жерде коргойт" деген түшүнүктү беребиз. Анткени айрымдар баласына ишенбейт. Алгач ата-эне ишенип, баланын биринчи машыктыруучусу болушу шарт. Биз баланы жумасына 2-3 ирет гана көрүп, эки сааттан машыктырабыз. Ошол себептен негизги ролду ата-эне ойнойт.
"Мүмкүнчүлүгү чектелген", "майып", "сокур" өңдүү сөздөрдүн өзү эле адамды коомдон бөлүп, үйдө камалууга аргасыз кылат. Көптөр элдин ушул сөзүнөн тартынып, уялып, үйдөн чыккысы келбейт. Социалдашпаган адамдын мүнөзү да жаш баланыкындай болуп калат. "Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналат" деген аталышы үчүн эле көбү ар кандай иш-чараларга келүүнү каалабайт. Ошол себептен 3-4 жылдан бери "кайраттуу адамдар" деген терминди киргизүүгө далалат кылып келем. Бул тууралуу Эдил Байсаловго деле айткан элем. Бирок майнап жок. Жыйындарда, ар кандай иш-чараларда да бул термин колдонулушу керек.
— Кайраттуу адамдар аёо менен караганды да жактырышпасын байкайм…
— Кандай адам болбосун, сурабаса жардам берип кереги жок. Өзү сураса гана кол сунуу керек. "Жардамга муктажмын" деп бирөөнүн мойнуна отуруп алгандар да бар. Ар бир адам өзүнүн жашоосуна, кылган ишине жоопкерчилик албаса ал өнүкпөйт. Мамлекет тарабынан атайын чегерилген гана жөлөк пулдар берилбесе, моралдык, интеллектуалдык жактан ага эч ким көмөктөшө албайт. Эртең ушул адамдар мусапыр болуп калбашы үчүн мамлекет саясатын ушул багытта жүргүзүшү керек. Үчүнчүдөн, бизде инклюзивдүү билим берүү тармагы жок. Аң-сезиминен артта калган балдар да эреже боюнча жөнөкөй орто мектепте окушу керек. Жашташ балдарга берилген программада эмес, атайын ылайыкталган программа менен билим ала беришет. Эң негизгиси — кадимки балдардын жүрүм-турумун көрүп, алардан үйрөнө берет. Укпаган же көрбөгөн балдар өзүнчө мектепте окуса болот. Бирок акыл-эси тунук, баса албаган балдар сөзсүз биз окуган мектепте окушу керек.
— Мурда Паралимпиадага катышканыбызга эле сүйүнүп калчубуз. Азыр ийгиликтер жаралууда…
— Азыр Парадзюдо федерациясы алдыда. Машыктыруучуларынын ичинен эч жерден айлык албай, балдардын тамагын алып берип, жатаканасын төлөп ыктыярчы катары машыктырган Канат Имяновдун балдарынын ийгиликтери жакшы. Олимпиадада алтын алуу мүмкүнчүлүгү бар. Экинчиде оор атлетика, штанганы жатып түртүү боюнча параспортчулар, үчүнчүдө жеңил атлетика баратат. Учурда биздин спортчуларга эл аралык спорт өкүлдөрүнүн да мамилеси өзгөргөн. Рейтингибиз көтөрүлүүдө.
— Бүгүн кайсы спортто мүмкүнчүлүктөрүбүз бар?
— Учурда парадзюдо боюнча Хайитхон Хусан кызынын Олимпиадага катышууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Штанганы жатып түртүү боюнча Эсен Калиев жана Максат Аргынбаевге ишенип турабыз. Пара жеңил атлетика боюнча менде мүмкүнчүлүк бар. Анткени Паралимпиадага катышуу боюнча минималдык рейтингден өттүм. Ал эми максималдуу рейтинг боюнча жарым метр аралык калды. Пара сууда сүзүү жаатында Дастан Камчыбеков бар. Жалалидин Абдувалиев парадуатлон менен машыгып жатат. Алар үч сааттын ичинде марага жетсе лицензия алат. Кобе шаарындагы дүйнө чемпионатына чейин, кудай буюрса, Туниске же Мароккого барабыз.
Буга чейин Кыргызстандагы параспортчулар арасындагы таш ыргытуу боюнча чемпионатта 2-орунду алгам. Эми 1-орунду алууга даярданып жатам. Ошондой эле таш ыргытуу боюнча Паралимпиада эмес, кадимки Олимпиадага катышуу үчүн биздеги чемпионатка да катышып 1-орунду ээлөөгө аракет кылам. Андай мүмкүнчүлүктөр бар.
Комадан фитнес-машыктыруучулукка чейинки жол. Эрбол Жээнтаевдин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Комадан фитнес-машыктыруучулукка чейинки жол. Эрбол Жээнтаевдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0