Путин: АКШнын аракетине атургай өнөктөштөрү да нааразы

© AFP / SAMUEL CORUMВашингтондогу АКШ Капитолийинин имараты. Архив
Вашингтондогу АКШ Капитолийинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Путин АКШ дүйнөлүк держава катары жоопкерчилик жүгүн көтөрө албаганын айткан.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШнын аракеттери атургай өнөктөштөрүнө да жакпайт. Бул тууралуу Владимир Путин Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын катышуучулары менен сүйлөшүп жатып билдирди.

"Америка элинин таланты менен АКШ супердержавага айланды. Биз эки дүйнөлүк согушта, фашизмге каршы күрөштө союздаш болгонбуз. АКШ дүйнөлүк держава катары жоопкерчилик жүгүн көтөрө алган жок. Монополиясын бекемдеген сайын көпчүлүк мамлекеттин, анын ичинде өнөктөштөрүнүн да нааразычылыгын жаратууда", — деген Путин.

Ал Ирак, Сирия жана Югославиядагы окуяларга БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимисиз жол берилгенин белгилеген.
"Кошмо Штаттар башаламандыкка жол ачып беришти. Кийин Россиянын Донбасста өз адамдарын коргой башташы АКШга жаккан жок", — деген ал.
Жаштардын дүйнөлүк фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Россия — эми силердин досуңар! Путин Сириуска келген жаштарга кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0