Кыргызстандык дагы 2 балбан Түркиядагы турнирде алдын медаль утту. Видео

© пресс-служба ГАМФКиСБалбан Улукбек Жолдошбеков. Архивдик сүрөт
Балбан Улукбек Жолдошбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Бишкектен барган спортчулардын байге куржуну улам толукталып жатат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандык эки спортчу Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турниринде алтын медаль тагынды.
Бекзат Алмаз уулу 57 килограммга чейинки салмак категориясында россиялык Начын Монгушту жеңип алды.
Кийинки алтын медалдын ээси Улукбек Жолдошбеков 65 килограммга чейинки салмак категориясында азербайжандык Муса Агаевди артка калтырды.
Ал эми үчүнчү орунду Алмаз Сманбеков менен Бекболот Мырзаназар уулу башкаларга берген жок.
Дал ушул турнирде башка кыргызстандык спортчулар да бир нече медаль уткан.
Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жоламан Шаршенбеков Антальяда алтын медаль утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0