Акжол Махмудовду Түркияда жеңген балбан турнирде чуу салды. Видео

© Фото / пресс-служба федерации борьбы ТурцииТүркиядагы эл аралык турнирде Акжол Махмудовду жеңген үй ээси Юксель Сарычичек
Түркиядагы эл аралык турнирде Акжол Махмудовду жеңген үй ээси Юксель Сарычичек  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Кыргызстандык балбан каршылашына 1/8 финалда эле утулуп калган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Түркиядагы эл аралык турнирде Акжол Махмудовду жеңген үй ээси Юксель Сарычичек килем бетинде атаандашы менен мушташып кетти.
Окуя Антальядагы Yasar Dogu&Vehbe Emre мелдешинде болду. Ал жакка Кыргызстандын да балбандары барган.
Түрк балбаны 1/8 финалда кыргызстандык Акжол Махмудовду жеңип алган. Ал эми жарым финалда ирандык спортчу менен кармаш учурунда чабышып, тебишип кеткен. Кийинчерээк алардын мелдештен четтетилгени белгилүү болду.
Акжолдун каршылашы финалга чыкса, ал коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алмак. Азырынча бул беттештердин болор-болбосу белгисиз.
Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жоламан Шаршенбеков Антальяда алтын медаль утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0