ТИМ: Кыргызстандын жараны Тажикстанда тыңчылыкка айыпталып соттолду

© iStock.com / fergregoryСудьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Жазылуу
Министрлик Юлдашевди мекенге которуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда соттолгон кыргызстандык Кубатбек Юлдашев тууралуу маалымат берди.
Аталган маселени буга чейин парламенттин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов көтөрүп чыккан. Анын айтымында, 2022-жылдын августунда 36 жаштагы Кубатбек Юлдашев Тажикстанда жашаган ата-энесинен кабар алганы барганда кармалып, 13 жылга эркинен ажыратылган.
ТИМ Юлдашев кармалгандан бери андан кабар алынып турганын белгиледи.
"Кыргызстандын жаранынын апасы жана туугандары менен байланыш бар, аларга Юлдашев тууралуу маалымат берилип турат", — деди ТИМден.
Министрлик Юлдашевди мекенине которуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлап, бирок тагылган айыптын оордугуна байланыштуу бул иштер көпкө созуларын белгиледи.
Телефонго сүрөт тартуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Телефонуңуздан "тыңчы" болуп жүргөндөрдү кантип билүүгө болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0