Бишкекте эки ТЭЦ куруу мерчемделүүдө. "Газпром" ишканасынын планы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Газпром Кыргызстан" компаниясын имараты. Архив
Бишкектеги Газпром Кыргызстан компаниясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Жакында эле энергетика министри Таалайбек Байгазиев "Бишкексельмаш" жана ТЭЦ-2 от казандарынын базасында эки ТЭЦ куруу мерчемделип жатканын айткан.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" компаниясы курулушу пландалып жаткан жылуулук борборлоруна газ жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу "Газпром-Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров брифингде билдирди.
Эске салсак, жакында эле энергетика министри Таалайбек Байгазиев Бишкекте "Бишкексельмаш" жана ТЭЦ-2 от казандарынын базасында эки ТЭЦ куруу пландалып жатканын айткан.
"Биздин бул долбоорлор боюнча кабарыбыз бар, Энергетика министрлиги менен иштешип жатабыз. Потенциалдуу инвесторлор менен "Бишкексельмаш" отканасын газ менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ал жакка кошумча линия куруу керек, бирок биринчи этап үчүн кубаттуулук жетиштүү", — деген Алдаяров.
Анын айтымында, ТЭЦ-2ге жетиштүү диаметрдеги газ чыгаруучу түтүк орнотулду. Ал жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү үчүн керектүү кубаттуулукту камсыз кыла алат.
"Биз да, Энергетика министрлиги да ТЭЦти каалаган убакта ишке киргизүүгө даяр экенибизди так түшүнөбүз. Регламенттин бир бөлүгүн иштеп чыгышыбыз керек. Эч нерсе куруунун кереги жок, даярдык иштери бир айдан ашпайт, андан соң ТЭЦке газ берилет", — деген ал.
Бишкек шаарындагы жаңы конуштарын газдаштыруу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
"Газпром Кыргызстан" иштегенден бери газдаштыруунун деңгээли 2 эсе өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0