ЕАЭБдегилерден ичинен алганда КРде көп: өлкөгө сырттан 259 млн. доллар которулган

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАКШ доллар жана рубль купюралары. Архив
АКШ доллар жана рубль купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Каражаттын көбү, 244,1 миллион доллар, Россиядан салынган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ушул жылдын январь айында Кыргызстанга сырттан 259 миллион доллар которулганынын Улуттук банк кабарлады.
Салыштыра турган болсок, аталган сумма былтыркы жылдын январь айына (166, 4 миллион доллар) жана 2022-жылдын биринчи айына (178, 2 миллион) караганда көп. Эгер буга чейинки жылдардын январь айындагы статистикаларын карай турган болсок, бул айдыкы рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Кеп жеке тараптардын банк, мобилдик тиркеме, электрондук капчык аркылуу жөнөткөн каражаты туурасында болууда. Акча ар кандай валюта менен түшөт, бирок алардын эквиваленти доллар менен эсептелет.
Каражаттын көбү, 244,1 миллион доллар Россиядан которулган.
Статистикада дагы үч өлкөдөн келген которуулар өзүнчө белгиленген.
Алар:
АКШ — 5,2 миллион доллар;
Түркия — 1,4 миллион доллар;
Казакстан — 0,2 миллион.
Банктын кассири жумуш учурунда акча санап жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Кыргызстандан чыгарылган акчанын суммасы 2,2 эсеге азайды
Жаңылыктар түрмөгү
0