Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Бишкектеги россиялыктардын көбү добушун Владимир Путинге берди

© Sputnik / POOL / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Россияда президенттик шайлоо үч күнгө созулган.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкектен добуш берген россиялыктардын басымдуу бөлүгү Владимир Путинге добуш берген. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Эскерте кетсек, Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты. Акыркы күнү Кыргызстандын төрт шаарында да шайлоо участкалары ачылып, добуш берчүлөрдүн узун кезеги жаралган.
Акыркы маалымат боюнча, Россияда добуштардын 99,01 пайызы саналып бүттү. Анда добуштардын 81 пайызына ээ болуп Владимир Путин алдыда. Экинчи орунга 13 пайыз менен Владислав Даванков чыкты. Калган 1,5 пайызы Николай Харитоновду, 0,7 пайызы Леонид Слуцкийди шайлаган.
Владимир Путин шайлоо аяктагандан кийин штабына келип, үзөңгүлөштөрү менен жолугуп жатканда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Россия президентин шайлоо
Көп улуттуу өлкөнүн эли бир үй-бүлөдөй. Путиндин шайлоодон кийинки кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0