Электр кубатынын тарифин май айынан тарта көтөрүү сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек электр линияларынын көрүнүшү. Архив
Бишкек электр линияларынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Өзгөрүүлөр буга чейин июндан тарта башталары айтылса, эми аны май айына жылдыруу демилгеленип жатат.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Өкмөт электр кубатынын тарифин мурда айтылган убакыттан бир ай эрте көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул боюнча токтомдун долбоору Ченемдик-укуктук актылар долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылган.
Тарифтерди жөндөө мурда июндан тарта башталары айтылса, азыр аны май айынан баштоону сунуштап жатышат.
Министрлер кабинети бул кадам "электр энергиясынын тартыштыгынын шартында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, энергия менен жабдуучу ишканалардын чыгымынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында" жасалып жатканын айтты.
Азырынча электр кубатынын баасы канчага көтөрүлөрү айтылган эмес, бирок токтом долбоорунда 2025-жылга чейинки баа инфляцияга жараша өзгөрөрү белгиленген.
Эске салсак, былтыр 1-майдан тарта тариф эл үчүн 77 тыйындан 1 сомго чыккан. Эгерде 700 киловатт-саат жагылса мурдагы калыбында — 2,16 сом тейде калган. Энергетиктер анткен менен тариф жыл сайын көтөрүлөрүн айтышкан эле.
Энергияны үнөмдөөчү жана ысытуу лампалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Энергетиктер электр энергиясына чыгымды азайтуунун жолдорун сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0