Гигиенага үйрөтүңүз. Адис өспүрүмдөрдүн репродуктивдик саламаттыгы тууралуу

© Unsplas / Hannah XuДушка түшүп жаткан кыз. Архив
Душка түшүп жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
Дарыгерлер өспүрүмдөрдүн келечекте репродуктивдүү саламаттыгы бекем болушу үчүн гигиенадан тышкары жакшы уйкуга, туура тамактанууга да көңүл буруу керектигин белгилешет.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугун коргоо өзгөчө маанилүү. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борбору эскертти.
Анда айтылгандай, мындан улуттун ден соолугу, демографиялык кырдаалдын жакшыруусу көз каранды.
11-12 жаш – өспүрүмдүн органдарынын өсүүсү баштала турган мезгил.
"Кыздарга анын организминде аялдын жыныс гормондору – эстрогендердин таасири астында өзгөрүүлөр жүрө тургандыгы, булчуң жана скелет системасы өсүп, безеткилер чыгары, жыныс органдарында, колтукта түктөрдүн пайда болору тууралуу айтып берүү керек. Апасы кызга алдыда боло турган айыздар тууралуу түшүндүрүп, аны ушул мезгилдеги гигиена эрежелерине үйрөткөнү оң. Көп өлчөмдө келген, ооруткан, узакка созулган айыздар гинекологго кайрылуу үчүн себеп болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Эркек балдарга дагы алардын организминде жыныстык жетилүү мезгилинде эмне боло тургандыгын түшүндүрүү абзел.
"Эркек балдарда тестостерондун таасири астында жыныс мүчөсү өсө баштайт. Жыныс органдарында, колтукта түктөр пайда болот. Андан кийин бетке сакал жана мурут чыгат, үн өзгөрөт, бой өсөт жана дененин булчуң салмагы көбөйөт. Урук суюктугунун көп учурда уктап жатканда агып калышы поллюция деп аталат. Поллюция — ар бир уланда адатта жумасына 1-2 жолу байкалуучу нормалдуу физиологиялык көрүнүш. Эгерде бул тез-тезден болуп турса, күндүз дагы агып калып жатса дарыгерге көрүнүү керек", — деп айтылат маалыматта.
Адистер балдарды эрте курагынан тарта зарыл болгон гигиена эрежелерин, анын ичинде интимдик гигиенаны сактоого үйрөтүү маанилүү экенин белгилешет. Жеке гигиенанын эрежелерин капарга албай коюу инфекциянын алгач тышкы жыныс органдарына жайылуусуна алып келет, ал эми узак убакыт бою дарыланбаса ички жыныс органдарынын сезгенүүсүн пайда кылышы мүмкүн.
"Тамеки чегүү, ичимдик ичүү, уулуу заттар жана баңгизат өспүрүмдүн организмине чоң адамдын организмине караганда өтө чоң зыян келтирет. Жыныстык жетилүүнүн туура жөнгө салынуусу жана айыз функциясынын калыптануусу үчүн зарыл болгон гормондор түнкү уйку мезгилинде иштелип чыгат, ошондуктан өспүрүмдөр үчүн уйкусун кандыруу маанилүү", — дешет дарыгерлер.
Мындан тышкары, бул куракта балдар белок, углевод, май, минерал жана витаминдерди жетишерлик өлчөмдө жегени маанилүү экени кошумчаланды.
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Министрлик 10-15 жаштагы балдардын жетилүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0