Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" теракт: кармалган сегизинчи шектүү эки айга камакка алынды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү"Крокус сити холлдогу" терактыга шектелип кармалган Алишер Касимов
Крокус сити холлдогу терактыга шектелип кармалган Алишер Касимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Касимов терактынын айыпкерлери менен тааныш эместигин, болгону алардын бирине "Авито" сервиси аркылуу батирин ижарага бергенин айткан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыга шектелип кармалган Алишер Касимов эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Басман соту кабыл алганын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда туулган Касимов бүгүн кармалган. Маалыматта анын Красногорск шаарында ишкерлик кылып, кафе иштетип жүргөнү, Россиянын жараны экени айтылат. Орто билимдүү, үч баланын атасы. Мурда соттолгон эмес.
Касимов терактынын айыпкерлери менен тааныш эместигин, болгону алардын бирине "Авито" сервиси аркылуу батирин ижарага бергенин айткан.
Буга чейин терактыга шектүү катары жети киши кармалып тергөө абагына киргизилген болчу.
Басман сотунда Крокустагы теракт боюнча сегизинчи шектүү Алишер Касимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Тергөө комитети "Крокус" боюнча сегизинчи шектүүнү камоону сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0