29-мартка карата аба ырайы

© AFP / PASCAL GUYOTЖамгырда аял кол чатырдын менен басып баратат. Архив
Жамгырда аял кол чатырдын менен басып баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
29-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас жеринде +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20, Ысык-Көл облусунда +13…+18, Нарын чөлкөмүндө +16…+18 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17 , Ош шаарында +18…+20 градуска жетет.
Турак жай комплексинин макети курулуш көргөзмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Бишкекте апрелде эл аралык эки адистештирилген көргөзмө өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0