Гастрит күч алганын кантип билсе болот? Дарыгердин кеңеши

© AFP / TORU YAMANAKAАшказаны ооруп жаткан киши. Архив
Ашказаны ооруп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
Адис ашказан ооруганда диета кармоо керектигин айтты.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Гастрит менен жабыркагандар үчүн жаз менен күз кооптуу мезгил болуп саналат. Бул убакта витамин жетишсиз болуп, тамактануу өзгөрүп, иммунитет алсырашы мүмкүн экенин гастроэнтеролог Андрей Констанденков "Доктор Питер" басылмасына билдирди.
Адистин айтымында, көпчүлүк гастрит күч алып жатканын туура эмес талдап, аны башка оору менен алмаштырып алат. Дарыгер бул илдет башталганын төмөнкү белгилерден билсе болорун айтты:
түндө, айрыкча тамактануудан кийин зарна болуу;
кекирүү, ооздо ачуу даамдын пайда болушу;
ашказандын оорушу (адатта гастрит күч алганда ашказан курсак катуу ачкандай оорутат);
тамактан кийин ич көөп чыгат;
көңүл айлануу же кусуу;
ич катуу же тескерисинче өтүү;
алсыздык, маанайдын бат-бат өзгөрүшү, чарчоо.
"Илдеттин белгилери байкалса дары ичип отура берүүгө болбойт. Ал ооруну убактылуу гана басат. Ашказан ооруган учурда гастроэнтерологго барып дарылануу кажет", — деген дарыгер.
Мындан тышкары, ачуу, куурулган, кычкыл, майлуу тамактардан жана алкоголь менен газдалган суусундуктардан баш тартуу сунушталат.
Душка түшүп жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Гигиенага үйрөтүңүз. Адис өспүрүмдөрдүн репродуктивдик саламаттыгы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0