Россиялык "Инвар" НАТОнун танкаларын талкалап жатат. Инфографика

© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүүРоссиянын Т-80 танкы атайын операциясын Краснолиманск багытында. Архив
Россиянын Т-80 танкы атайын операциясын Краснолиманск багытында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
Танкага каршы пайдаланылган россиялык "Рефлекс-М" комплекстери атайын операцияда жакшы натыйжаларды берүүдө. Бул туурасында аскердик эксперт Александр Хроленко танкага каршы колдонулган "Рефлекс-М" комплексинин артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
© Sputnik_InfographicsРоссиянын башкарыла турган "Инвар-М1" ракетасы
Россиянын башкарыла турган Инвар-М1 ракетасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Т-72Б3М, Т-80БВ, Т90А/М, БМП-3 жана БМД-4М согуштук техникаларын башкаруу системаларына "Рефлекс-М" бириккенде танкалык жана мотоаткычтар бөлүктөрүнүн кубаттуулугу артат. Таамай тийген "Инвар-М1" ракеталары 125 миллиметрлик калибрлүү куралдар менен кое берилип, жарым автоматтык лазер нуру менен башкарылат. Мээленген бутанын узактыгы 5,5 чакырымга чейин жетип, каршылаш тараптын сооттолгон техникасын ок чыгарган чектерге жеткирбей 2,5 чакырым аралыкта, TOW-2 менен төрт чакырымда талкалайт.
Эрөөлдүк кырдаалда "Рефлекс-М" комплекси менен "Инвар-М1" ракетасы каршылаштан артыкчылыкты камсыздайт. Россиялык экипаж эки чакырым аралыкта 2-4 мүнөттүн ичинде 5-10 ракета кое берүү артыкчылыгына ээ. Эң узак деген аралыкта бутага 17 секундада жетет. Катуу отун менен иштеген "Инварлар" ишке жарамдуу мөөнөтүндө толугу менен иштеп, кошумча оңдоп-түзөөлөргө муктаж болбойт.

Система кандай иштейт?

"Инвар" түздөн-түз лазердик нур менен атылганда (көрүнбөгөн спектрде) секундасына 400 метрге чейин учат. Жарыктын агымы ракетанын артындагы фотожазгыч тарабынан кабыл алынган маалымат талаасын түзөт. Нурдун борборунан кыйгоо ушундайча аныкталат. Борттук аппаратура жарым автоматтык тартипте учуунун бутага болгон багытын ушул ыкма менен аныктайт. Аткан тарап машааны бутаны көздөй бир нече ирмемге чейин багыттап кармап туруп, анан кое бериши керек.
Ракета жолундагы тоскоолдуктарды — согуш талаасындагы күйүп жаткан техниканын түтүнүнөн тарта булуттардын чаңынан айныбай өтүүгө жөндөмдүү.
Комплекс кыйын кырдаалда учуунун бийик траекториясынын тартибин колдонот: ракета бутага тийгенге эки секунда калганда лазердик нурдун линиясына чейин төмөндөп келет.
НАТО өлкөлөрүндө танкага каршы "Рефлекс-М" комплекси бекеринен "Снайпер" (Sniper) деп аталган эмес.
Жаңыланган, күчтөнгөн МиГ-31 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жаңыланган, күчтөнгөн МиГ-31БМ. Мүнөздөмө
Жаңылыктар түрмөгү
0