Диетолог D витамини кайсы азыктарда көп экенин тизмектеди

© AP Photo / Mark LennihanВитамин D таблеткалары. Иллюстративдик сүрөт
Витамин D таблеткалары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
Адис күнгө аз чыккандар бул витаминди тамак аркылуу алса болорун билдирди.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Организмде D витаминин толтурууга кайсы азыктар жардам берерин Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Татьяна Залетова айтып берди.
Бул витамин адатта териге ультракызгылт көк нурлар тийгенде иштелип чыгары айтылат. Күн нуруна чыкпаган адамдарда витамин жетишсиздиги пайда болот.

"Күндөн жана азыктан алган D витаминдери албетте айырмаланат. Азыктар берген витамин организмдеги жетишпеген заттарды толуктай алат десек болот. Биринчи кезекте майлуу балыктар: лосось, сельдь, скумбрия D витаминине бай", — деди адис.

Ошондой эле сүт азыктарынан аталган витаминдерди алса болот.
"Өзгөчө быштак менен сырды жеш керек. Аларда D витамининин сырткары кальций бар. Экөө биргеликте сөөк ткандарына пайдалуу заттардын сиңишин жакшыртат. Бул процесс балдарга, өспүрүмдөргө, кош бойлууларга жана улгайган адамдарга өтө керек", — деди Татьяна Залетова.
Мындан сырткары, козу карын дагы D витаминин толуктай аларын, бирок аны бардыгы эле аш кыла албай турганын айтты.
Ашказаны ооруп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Гастрит күч алганын кантип билсе болот? Дарыгердин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0