Ички иштер органдарынын жетекчилери ротацияланды. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы менен орун басары спецназ токмоктоп алып кетип жаткан атасына болушкан баланын окуясынан кийин кызматтан алынган.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ички иштер органдарынын жетекчилери ротацияланды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төмөнкү кызматкерлер жаңы орундарга дайындалды:
Чүй ОИИББдин жетекчилигине Каныбек Абдырахманов барды, ал буга чейин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болчу;
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жетекчи болуп Улан Айтбаев келди, ал буга чейин КИББдин башчысынын орун басары эле;
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы кызматына Марлис Асанов барды, ал буга чейин Ош ШИИБдин башчысы болчу. Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин буга чейинки башчысы менен орун басары Кочкор-Атадагы окуядан соң кызматтан алынган;
Ош ШИИБдин башчысы болуп Дамирбек Исаков дайындалды, ал Чүй ОИИББдин башчысы кызматынан бошотулду;
Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин башчысы Азамат Байгазиев ээлеген кызматынан бошотулуп, Ленин РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
Чаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Чаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0