Бишкектеги турнирде Олимпиадага жолдомо алуу үчүн 11 балбан күрөшөт. Тизме

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVБалбандар күрөш учурунда. Архив
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдешке катышчу улуттук команданын тизмеси жарыяланды.
Дене тарбия жана спорт департаменти 19-21-апрель күндөрү "Бишкек-Арена" спорт комплексинде грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү боюнча Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн лицензиялык турнир өтөрүн билдирди. Анда Кыргызстандын атынан 11 балбан намыс талашат.
Грек-рим күрөшүнөн:
Амантур Исмаилов — 67 килограмм;
Асан Жанышов — 87;
Үзүр Жузупбеков — 97;
Роман Ким — 130;
башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев;
улук машыктыруучу — Улукбек Карачолоков;
Арсен Эралиев — улук машыктыруучу.
Эркин күрөштөн:
Бекзат Алмаз уулу — 57 килограмм;
Эрназар Акматалиев — 65;
Орозобек Токтомамбетов — 74;
Нуртилек Карыпбаев — 86;
Андрей Аронов — 97;
Айаал Лазарев — 125;
Руслан Маджинов — башкы машыктыруучу;
Сүймөнкул Таабалды уулу — улук машыктыруучу;
Ислам Тазабеков — улук машыктыруучу (U23).
Кыз-келиндер күрөшүнөн:
Айжан Сабырбек кызы — 53 килограмм;
Калмира Билимбек кызы — 57;
Мээрим Жуманазарова — 68;
Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу;
Байгазы Кенжебаев —улук машыктыруучу.
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Кыргызстандын балбандары Азия чемпионатына даярданып, Москвада машыгууда
Жаңылыктар түрмөгү
0