Бишкек мэрия жол тыгындарын азайтууга билек түрө киришет. Коюлган пландар

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
Мэрия 2030-жылга чейин жеңил унаалардын санын 20 пайызга чейин кыскартууну, тыгындарды 30 пайызга азайтууну көздөп жатат.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Борбор калаанын жол-транспорттук инфратүзүмүн 2024-2030-жылдарга карата өнүктүрүү боюнча концепция бекитилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Анда калаадагы унаа тыгындарын чечүү боюнча багыттар аныкталган.
Концепцияны ишке ашыруунун алкагында көпүрөлөрдү куруу, веложолдорду уюштуруу, башаламан унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуу каралган.
Ошондой эле бир нече план коюлган:
жеңил унаалардын санын 20 пайызга чейин кыскартуу;
транспорттук тыгындарды 30 пайызга азайтуу;
жолдорду, көчөлөрдү бошотуу;
каттамдагы автобустардын ылдамдыгын 30-40 пайызга жогорулатуу;
каттамдын интервалын 80 пайызга кыскартуу;
шаардын аймактарын коомдук транспорт менен толук камтуу;
калаа тургундарынын коомдук транспорт менен жүрүүсүн 60-70 пайызга чейин жеткирүү.
Ошондой эле калаанын кире беришине аймактардан келген жүргүнчүлөр шаарды көздөй жолун улай ала турган заманбап түйүндөрдү уюштуруу меречемделип жатат. Негизги максат — облустардан келген шаарлар аралык жана аймактар аралык транспорт менен шаар ичинде каттаган коомдук транспортту байланыштыруу.
Маршруткалар токтоп турган жай. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Бишкекте экспресс-каттамдарды киргизүү сунушталууда
Жаңылыктар түрмөгү
0