Кыргызстандан Түштүк Америкага уча тургандар үчүн эрежелер өзгөрдү

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөр аэропорттун каттоо бөлүмүндө. Архив
Жүргүнчүлөр аэропорттун каттоо бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
Буга чейин "Түрк аба жолдору" компаниясы Аргентинага бараткан Россия жарандарын, Мексикага учуп кетүүнү пландаган түрк жарандарын каттамдарынан чыгарып салган учурлар болгону айтылган.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы менен Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга бара турган жүргүнчүлөр үчүн учуу талаптары өзгөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Жаңы эрежелерге ылайык, жүгү жок, мейманканага алдын ала жазылбаган, кайра кетүү билети жок жүргүнчүлөр, ошондой эле транзиттик каттамы 24 сааттан ашык убакытка созулгандар бардык документтери паспорттук-визалык талаптарга жооп бергенине карабастан учакка киргизилбейт.
Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, буга чейин "Түрк аба жолдору" компаниясы Аргентинага бараткан Россия жарандарын, Мексикага учуп кетүүнү пландаган түрк жарандарын каттамдарынан чыгарып салган учурлар болгон.
"Ар бир өлкөнүн бийлиги белгилеген жалпы протоколдордон тышкары, "Түрк аба жолдору" Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга бара турган жүргүнчүлөр үчүн кошумча катаал эрежелерди киргизген", — деп жазылат маалыматта.
Алты өлкөнүн ар бири үчүн кошумча критерийлер бар. Алар:
Венесуэла виза, мейманкана ээлеп коюуну, кайра кетүү билеттерин жана чакыруу кагазын талап кылат;
Мексика текшерилген жүгү жок жүргүнчүлөрдү киргизбейт;
Куба жана Бразилия каражат талап кылат жана эл аралык саякат тажрыйбасы жок жүргүнчүлөрдү киргизбей коюшу мүмкүн;
Колумбияда да ушундай талаптар бар, бирок буга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдарга да уруксат бербейт;
Панама жарактуу визаларды, эки тарапка билеттерди, мейманкананы ээлеп коюуну жана белгиленген транзиттик убакытты сактоону талап кылат.
Маалым болгондой, жаңы талаптардын сакталышын Стамбул, Анкара жана Антальянын транзиттик аэропорттору текшерет.
Победа авиакомпаниясын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Москва — Ош багыты боюнча арзан каттам аткарыла баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0