Алматыда Кыргызстандын жаранынан холера оорусу аныкталды

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Жазылуу
Аял Делиден Бишкекке Казакстан аркылуу учуп келе жаткан.
БИШКЕК, 5-апр.— Sputnik. Алматыда Кыргызстандын жаранынан холера оорусу аныкталганын Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, аял Делиден Бишкекке Казакстан аркылуу учуп келе жаткан.
"Санитардык дарыгерлер текшерүү жүргүзүп, анализдин жыйынтыгын алгандан кийин холера деген диагноз коюшкан. Бейтап байланышта болгон жүргүнчүлөр жана учактын экипаж мүчөлөрү ооруканага жаткырылды. Башка жүргүнчүлөргө симптомдор пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу сунушталды", — деп жазылат маалыматта.
Холера - коркунучтуу жугуштуу оору. Аны жуктурган адам ичи өтүп, кусат. Өз убагында дарыгерлерге кайрылбаса өмүргө коркунуч жаратат.
Паркта мурдун жоолук менен жапкан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Аллергиялык ринит эмнеси менен коркунучтуу? Дарыгер түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0