Кадыр түндү кантип тосуу керек? Диний адистердин кеңештери

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМечитте Кадыр түн тосуп жаткан кишилер. Архив
Мечитте Кадыр түн тосуп жаткан кишилер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Жазылуу
Муфтият быйыл Кадыр түн 6-апрелге караган түнү боло турганын билдирди. Аалымдар бул түнү жакшы амал, ибадаттарды жасаганга далалат кылуусу керектигин айтып келишет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги сообу миң айга тете делген түндү кантип туура өткөрүш керектигин диний адистерден кызыгып сурап көрдү.
Эркек мечитте, аял үйдө. Кадыр түндү адам жалгыз деле тоссо болот. Ал түнү мусулман обочолонуп түнү бою куран, намаз окуп, зикир чалып, өз алдынча Жараткандан каалоо-тилектеринин орундалышын сурап, эл-жерге тынчтык, молчулук тилесе болот. Ал түндү эркек мечитте, аял киши үйдө өткөргөнү жакшы.
Ушактан оолак болуңуз. Шарият боюнча, бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Кадыр түндө адам жакындары менен болушунча пайдалуу амалдарды аткарууга далалат кылып, пайдасыз, ушак сөздөрдөн оолак болушу керек.
Саарлыкка чейин уктабайт. Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин созулат. Адам ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу күндүн жарыгы жерге тийгенге чейин отурууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда жок дегенде ооз жапканга чейин дуба кылып, эртең мененки намазды окуп уктаса болот.
Ибадатка арналган түн. Кадыр түндө жакындарды чогултуп алып шаан-шөкөт, ыр-тамаша менен өткөрүүгө болбойт. Адам өзүн болушунча ибадатка арнап, кошумча намаз, куран окуп, жашоодо басып өткөн жолуна, келечегине саресеп салуусу абзел.
Түн интернет менен өтпөшү керек. Кадыр түндө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиялык мааниси бар тасмаларды көргөнгө уруксат. Ал эми интернетте пайдасыз нерселерди көрүп убакытты өткөрүп, анан саарлыкта тамак ичип жатып алганы туура эмес болуп калат.
Жакындашпайт. Бул түнү адам таза болуп, жакшы тилектерди тилеп өткөрөт. Диний аалымдар мусулмандарды ал түнү жыныстык катнашка баруудан алыс болууга чакырат.
Бишкекте Курман айтта учурнда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Алба-далба кийингендер, даават, билимдүүлөр. Жапаровдун кезектеги маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0