ЕАЭБде эт азыктарына карата техрегламентке өзгөрүүлөр 7-апрелде күчүнө кирет

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭт комбинатында фарш жасоо
Эт комбинатында фарш жасоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Жазылуу
ЕЭК жаңы талаптардын кириши уюмда бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртарын белгилеген.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 7-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндө эт жана эт азыктарына карата техникалык регламентке өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми эт жана эт азыктарындагы белоктун курамы этикеткада көрсөтүлгөндөн 80 пайыздан кем эмес болушу шарт. Ал эми май, углевод жана калориялуулугу 120 пайыздан ашпашы керек. Ушундай эле талаптар "Канаттуулардын эти жана андан кайра иштетилген азыктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте каралган.
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкий белгилегендей, белок, май, углевод жана калориянын этикеткадагы жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдөгү айырма колдонуучуларды адаштырып келген, эми бул калпыстык жөнгө салынат.
2024-жылдын 7-апрелине чейин берилген же кабыл алынган эт азыктарынын шайкештигин баалоо боюнча документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу. Анын мөөнөтү бүткүчө продукцияны өндүрүүгө жана сатууга уруксат берилет.
Бажы көзөмөлүнүн зонасындагы кампа. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Товарларды бажы төлөмү жок ташып келүү босогосу өзгөрдү. Баа кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0