Бүгүн өлкө боюнча 1-класска электрондук каттоо башталды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев1-класстын окуучулары Бишкекте жаңы мектептин ачылыш аземинде. Архив
1-класстын окуучулары Бишкекте жаңы мектептин ачылыш аземинде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүн өлкө боюнча 1-класска электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүрөт.
Экинчи этапта 3-июндан 30-августка чейин бош орундары бар мектепке катталса болот.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. 2024-2025-окуу жылына карата каттоо сайтында 24 саат бою жеткиликтүү.
Толук маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан алууга болот.
Мектептеги 1- класстын окуучулары. Архив   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Баланы 1-класска каттоодо эмнени эске алуу керек? Кеңештер
Жаңылыктар түрмөгү
0