Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ЕАЭБде 1-июлдан тарта алкоголдук ичимдиктерге техрегламент иштей баштайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАлкоголдук ичимдиктер. Архив
Алкоголдук ичимдиктер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Техникалык регламенттин өткөөл мезгили 2027-жылдын январына чейин созулат.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө 1-июлдан тарта алкоголдук ичимдиктер боюнча техникалык регламент күчүнө кирет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкий Sputnik маалымат борборунда өткөн видеоконференция учурунда билдирди.
Ал техникалык регламенттин өткөөл мезгили 2027-жылдын январына чейин созуларын айтты.
“Иштин бардык жагын карап чыккан адистерден турган жумушчу топ түзүлдү. Бүгүнкү күндө айрым методдор тандалган, эми алар биримдиктеги өлкөлөрдүн макулдугунан өтүшү керек”, — деди Татарицкий.
Анын айтымында, техникалык регламент ЕАЭБ мамлекеттеринде жүгүртүүдөгү продукциянын 85 пайызын камтыйт жана техникалык жөнгө салуу системасы эффективдүү иштеп жатат.
Эт комбинатында фарш жасоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
ЕАЭБде эт азыктарына карата техрегламентке өзгөрүүлөр 7-апрелде күчүнө кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0