Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ЕЭК министри транспорттун электрондук паспорту туурасында айтып берди

© AFP / MARK RALSTONАвтоунаа токтоочу жайда тизилип турган автоунаалар. Архив
Автоунаа токтоочу жайда тизилип турган автоунаалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2024
Жазылуу
Азыр ЕАЭБ мамлекеттери электрондук паспортторду администрациялоо маселесин карап жатат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Казакстан менен Беларусь 2023-жылдан тарта транспорттун электрондук паспортун активдүү каттай баштады. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкий Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда, ЕАЭБ мамлекеттеринде жасалган транспорттун электрондук паспорту тоскоолдуксуз сооданын көз карашынан алганда олуттуу кадам катары эсептелет. Тагыраагы, "бул өлкөлөргө кирип бара жатканда бөгөт болчу нерселер жаралбашы керек".
"Транспорттун электрондук паспортун бирдиктүү укуктук таалаада администрациялоо үчүн ар кыл кеңешмелер өткөн. Ага катышкандар администрациялоо улуттук деңгээлден да жогору болушу шарт деген бүтүмгө келген. Бул жөнөкөй маселе эмес, андыктан эркин структура иш алып барышы зарыл", — деди Татарицкий.
Ал транспорттун электрондук паспортун көз карандысыз администрациялоо боюнча бир нече ыкма бардыгын, алардын бири ЕЭКке ыйгарым укуктарды берүү экенин айтты.
"Бул убакыт, күч жана материалдык жактан ресурстарды талап кылат. Ал — адистер тарабынан даярдалган программалык олуттуу продукт. Иш-чаралардын мындай планы ЕЭКтин кеңешинде каралып, бүгүнкү күндө уюмга мүчө мамлекеттердин талкуусунда. Айтмакчы, Россия азыркы администрациялоону (ал милдет учурда "Электронный паспорт" ишканасына тагылган) башкарууга башка өлкөлөрдү катышууга чакырды. Бул маселени чечүүнүн, кыязы, тезирээк ишке ашчу ыкмаларынын бири", — деп түшүндүрдү ЕЭК министри.
Алкоголдук ичимдиктер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Пресс-борбор
ЕАЭБде 1-июлдан тарта алкоголдук ичимдиктерге техрегламент иштей баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0