"Газпром": эртеңден тарта карызы барлардын газы өчүрүлө баштайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовГаз квитанциялары. Архивдик сүрөт
Газ квитанциялары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Ишкана абоненттерге буга чейин эскертүү берилгенин белгиледи.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Бишкек газ", "Чүй газ", "Ош газ" жана "Жалал-Абад газ" кызматтары 20-апрелден тарта карызы көбөйүп кеткен абоненттерге газ берүү токтотуларын эскертти. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, газ аралыктан өчүрүлөт.
"Күз-кыш мезгилдеринде абоненттерди түшүнүп, газ берүү токтотулган эмес. Карызы барларга газдын акысын төлөө, келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткаруу эскертилген. Газ менен иштеген кызматтар абоненттерден карызды жакын аранын ичинде төлөп бүтүрүүнү суранууда", — деп жазылат маалыматта.
Газ үчүн канча төлөө керектиги жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан билип алса болот:
4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз);
www.gazprom.kg сайты.
Бишкек шаарындагы жаңы конуштарын газдаштыруу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
"Газпром Кыргызстан" иштегенден бери газдаштыруунун деңгээли 2 эсе өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0