Жапаров менен Токаев эмнелерди макулдашты? Документтердин тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДвухдневный официальный визит президента КР Садыра Жапарова в Казахстан
Двухдневный официальный визит президента КР Садыра Жапарова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
Мамлекет башчылар эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ар кыл багыттардагы эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги тууралуу баяндамаларын угушканы айтылды.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты.

Президент Садыр Жапаров Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаров Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчылары жыйындын жыйынтыгы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артышкан.

Мамлекет башчылары жыйындын жыйынтыгы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Мамлекет башчылары жыйындын жыйынтыгы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артышкан.

1/2

Президент Садыр Жапаров Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты.

2/2

Мамлекет башчылары жыйындын жыйынтыгы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артышкан.

Мамлекет башчылары жыйындын жыйынтыгы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артышкан. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын профилдик мамлекеттик органдарынын соода жана инвестиция, транспорт жана транзит, суу жана энергетика, ошондой эле маданият сыяктуу ар кыл багыттардагы эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги тууралуу баяндамаларын угушканы белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү келишими;
Мамлекеттер аралык кеңештин чечими;
2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктулары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Автоунаа өткөрүү пунктуларын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы (жол картасы) ;
КРдин министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
КРдин министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү
Жаңылыктар түрмөгү
0