Диетолог кимге ач карын мөмө-жемиш жегенге болбой турганын айтты

© Photo / Unsplash / Jo SonnМөмө-жемиш. Иллюстративдик сүрөт
Мөмө-жемиш. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Дени сак адам каалаган мөмө-жемишин каалаган убакта, ал тургай ач карын да жей берсе болот. Мындай пикирин диетолог Анна Белоусова Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Адис ач карын мөмө-жемиш жегенге болбойт деген сөздү четке какты.
"Тарыхты карасак, өлкөлөрдө, түрдүү улуттарда бул азыкты эртең менен жеп келишкен. Дени сак адам ач карын да, тамакка чейин, андан кийин да мөмө-жемиш жей берсе болот. Бирок аша чаап кетпеңиз. Мисалы, ананасты таңда жегенге болбойт. Анткени анда белокту сиңире турган ферменттер көп, андыктан бул жемишти оор тамактан соң сиңирүүгө жардам болушу үчүн жеген туура", — деген Белоусова.
Дарыгер бирок ичеги-карын оорулары менен жабыркагандар мөмө-жемишти чектеп жеши керектигин эскерткен.
"Ашказан, он эки эли ичеги илдеттери күч алганда мөмөлөрдү убактылуу тамак-ашта колдонбой турган оң. Ал эми гастрит жана ашказан жарасынан жабыркагандарга ач карын кычкыл жемиштерди, мандарин менен ананасты жегенге болбойт", — деп кошумчалады Белоусова.
Залдагы машыгуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Ички мотивация керек! Жайга карата арыктоонун оңой жолдору
Жаңылыктар түрмөгү
0